Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында Кыргызстандагы алгачкы эл аралык класстагы Golf Resort Issyk-Kul гольф-клубунун ачылыш аземи өтүүдө.
Эл аралык талаптарга жооп берген гольф-клуб 100 гектардан ашык аянтты ээлейт. Долбоордун негизги бөлүгүн 70 гектарга жайгашкан, дүйнөлүк стандарттагы «линкс» стилиндеги 18 лункадан турган оюн талаасы түзөт.
Golf Resort Issyk-Kul спорттук туризмди өнүктүрүүгө, эл аралык мелдештерди кабыл алууга жана Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган ири инвестициялык долбоорлордун бири катары бааланууда.