Эртең Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө чемпионаты старт алат

31-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 180

Эртең Ысык-Көлдө суудагы Формула-1 (UIM F1H2O) боюнча дүйнө чемпионатынын жаңы этабы башталат. Кыргызстан мындай деңгээлдеги эл аралык спорттук мелдешти  биринчи жолу өткөрүүдө.

UIM F1H2O  дүйнөдөгү эң абройлуу суудагы  спорт мелдештеринин бири. Кызыктуу таймаштары менен айырмаланган бул чемпионат дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн күйөрмандарды өзүнө тартат.

Мелдешке 30дан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү, 20 эл аралык команда жана дүйнөнүн мыкты 20 пилоту катышат. Жалпысынан 25 миңге жакын конок келери күтүлүүдө.

Чемпионат 31-июлдан 2-августка чейин өтүп, жарыштар үчүн Ысык-Көлдүн Бает айылында 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган эл аралык деңгээлдеги атайын аянтча даярдалды.

 

 

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X