Алмазбек Кожогулов, сүрөтчү: Чыныгы чыгарма боёктон эмес, жүрөктөн жаралат

31-июль, 2026-ж. / Редакция / Маданият 157
Өнөр  адамдын ички дүйнөсүнүн күзгүсү. Ал сөз менен айтып жеткирүүгө мүмкүн болбогон сезимдерди түскө, сызыкка, образга айландырып, көргөн адамдын жүрөгүнө жол табат. Айрымдар сүрөттү кооз көрүнүш катары гана кабыл алса, чыныгы сүрөтчү үчүн ар бир чыгарма  өмүрүнүн бир бөлүгү, жан дүйнөсүнүн үнү. Сүрөтчү Алмазбек Кожогулов дал ушундай чыгармачыл инсандардын бири. Ал май боёк менен пейзаждарды жана портреттерди жаратып, жиптен өзгөчө эмгектерди токуп, жыгачты көркөм өнөрдүн тилине салган чебер. Биз сүрөтчү менен чыгармачылык, илхам жана өнөрдүн адам жашоосундагы орду тууралуу маектештик.

– Алмаз мырза, чыгармачылыкка болгон алгачкы кадамыңыз кандай башталган?
– Мен үчүн сүрөтчүлүк кийин эле пайда болгон кызыгуу эмес. Бул үй-бүлөбүздөн келген мурас десем туура болот. Апам кооздукту өзгөчө баалаган адам эле. Ал сүрөтчү болбосо дагы, ар бир нерсеге чыгармачыл көз караш менен карачу. Эжем кесипкөй сүрөтчү болгондуктан анын сүрөт тартканын көрүп чоңойдум. Кийин мен дагы, иним дагы ушул жолду тандадык.
Ошондон бери бир нерсеге ишенем, өнөрдү адам эмес, өнөр адамды тандайт. Эгер жүрөгүңдө чыгармачылык болсо, андан качып кутула албайсың.

Ар бир сүрөтчү илхамды ар башка жерден алат. Сизди эмне шыктандырат?
– Илхамды күч менен чакырып келтире албайсың. Ал күтүлбөгөн жерден келет. Кээде адамдардын жүзүн карап туруп эле жаңы чыгарма жараткың келет. Кээде тоонун башында турганыңда же көлдүн жээгинде отурганыңда ойлор өзүнөн өзү пайда болот. Мен үчүн кыргыздын табияты  эң чоң мугалим. Ала-Тоонун бийиктиги, Ысык-Көлдүн тунук суусу, жайлоонун кеңдиги адамдын жан дүйнөсүн тазалайт. Ошол сулуулукту көргөн сайын аны кенепке түшүргүм келет. Ошондой эле тарых дагы мени шыктандырат. Баатырлардын эрдиги, көчмөн маданият, элибиздин басып өткөн жолу  мунун баары бүтпөс тема.  Нет описания фото.

– Сиздин эмгектериңиздин арасында май боёк менен тартылган сүрөттөрдөн тышкары жип жана жыгач менен жасалган чыгармалар дагы бар. Бул өзгөчөлүк кантип жаралган?

– Мен бир эле техника менен чектелгим келбейт. Чыгармачылык дайыма жаңы изденүүнү талап кылат. Жип менен сүрөт жасоо өзгөчө чыдамкайлыкты талап кылат. Бир эле чыгарманы бүтүрүү үчүн миңдеген жиптер колдонулат. Ар биринин өз орду бар. Жаңылып койсоң кайра башынан баштоого туура келет. Жыгач менен иштегенде болсо такыр башка сезим жаралат. Жыгачтын өзүнүн табияты, өзүнүн деми бар. Аны жөн гана материал катары эмес, тирүү нерсе катары кабыл алам.

– Эки жолу жеке көргөзмөңүздү уюштурган экенсиз. Ошол күндөр сиз үчүн эмнеси менен эсте калды?
– Көргөзмө – сүрөтчү үчүн сынак сыяктуу. Анткени сен өзүңдүн ички дүйнөңдү элдин алдына алып чыгасың. Кээде бир адам сүрөттүн алдында бир нече мүнөт туруп калат. Анын жүзүнөн ар кандай сезимдерди көрөсүң. Ошондо чыгармаң адамдын жүрөгүнө жеткенин түшүнөсүң. Айрыкча жип менен жасалган эмгектерим көрүүчүлөрдү таң калтырды. Көптөр мындай ыкма бар экенин биринчи жолу көрүшкөнүн айтышты. Бул мен үчүн чоң кубаныч болду.

– Чыгармачылыкта эң чоң ийгилик деп эмнени эсептейсиз?
– Мен үчүн эң чоң сыйлык  элдин жакшы сөзү. Ар бир сүрөт сатылышы мүмкүн. Бирок ар бир чыгарма адамдын жүрөгүндө калышы керек. Эгер кимдир бирөө сүрөтүмдү көрүп, өзүнүн балалыгын эстесе, же жашоого башкача көз караш менен карай баштаса, анда мен максатыма жеттим деп эсептейм.

– Кээде чыгармачыл адамдар «илхам келбей калды» деп калышат. Сизде ошондой учурлар болобу?
– Албетте болот. Ар бир сүрөтчүнүн жашоосунда андай мезгил кездешет. Бирок ошол учурда колду түшүрүп отуруп калууга болбойт. Мен көбүнчө тоого чыгам, жаратылышка барам, китеп окуйм, музейлерди кыдырам. Улуу сүрөтчүлөрдүн эмгектерин көрөм. Убакыт өткөн сайын жаңы ойлор кайра жарала баштайт. Илхам дагы адам сыяктуу. Артынан куусаң качат, күтсөң өзү келет.

-Келечекте кандай кыялдарыңызды ишке ашыргыңыз келет?

— Азыр дагы жаңы эмгектердин үстүндө иштеп жатам. Кыргыздын жаратылышына, улуттук баалуулуктарына арналган чоң серия түзүүнү каалайм. Ошондой эле жеке көргөзмөлөрдү көбөйтүп, чыгармаларымды чет өлкөлөрдө дагы көрсөтүү максатым бар. Мындан сырткары жаш сүрөтчүлөр менен көбүрөөк иштешип, тажрыйбамды бөлүшкүм келет. Анткени өнөр муундан муунга өтүп турганда гана өнүгөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X