Кыргызстан менен Азербайжан мунай жеткирүү механизмин иштеп жатышат
Кыргызстан менен Азербайжан мунай продукциясын жеткирүү жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты күчөтүү боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рыспеков билдирди.
Анын айтымында, тараптар мунай жеткирүү боюнча макулдашууга жетишип, учурда жеткирүүнүн конкреттүү механизмдерин иштеп чыгууда.
Мындан тышкары, эки өлкө энергетика тармагындагы «Жол картасын» даярдап, чакан ГЭСтерди куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Жакынкы аралыкта бул багытта конкреттүү макулдашууларга жетишүү күтүлүүдө.