Бишкекте мыйзамсыз жер басып алууга каршы рейд жүрүүдө

31-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 185

Бишкекте президенттин №109 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жерлерди мыйзамсыз басып алууга каршы иштер күчөтүлдү.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, борбор калаанын төрт районунда тиешелүү кызматтардын катышуусунда кеңешмелер өтүп, мыйзамсыз жер басып алуу жана өз алдынча курулуштарды токтотуу чаралары талкууланды.

Жыйынтыгында аймактарда күн сайын рейддерди өткөрүү, мыйзам бузуу фактыларын ыкчам аныктоо жана аэрофототартуу материалдарын колдонуу менен көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X