ӨКМ F1H2O мелдешинде күчөтүлгөн режимде иштөөдө
Ысык-Көлдө өтүп жаткан F1H2O суудагы «Формула-1» дүйнөлүк чемпионатында коопсуздукту камсыздоого Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 120дан ашык кызматкери жана 30дан ашык атайын техника тартылды.
ӨКМ башчысы Канатбек Чыныбаевдин айтымында, суучулдар, өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар алдын ала даярдыктан өтүп, күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.
Министр ошондой эле быйыл Ысык-Көлдөн эки тоннадан ашык таштанды чыгарылганын билдирди.