Сабырбек Жумабеков жаңы ортопедия борборунун курулушу үчүн Президентке ыраазычылык билдирди

3-август, 2026-ж. / Редакция / Медицина 164

Белгилүү ортопед, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Сабырбек Жумабеков Facebook баракчасында Президент Садыр Жапаровдун демилгеси, колдоосу жана каржылоосу менен курулуп жаткан Улуттук ортопедия жана травматология борборунун курулушу активдүү жүрүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, жаңы борбордун курулушу ушул жылдын аягына чейин толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Ал эң заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалып, ортопедия жана травматология багытындагы Орто Азиядагы алдыңкы илимий-медициналык борборлордун бирине айланары күтүлүүдө.

Сабырбек Жумабеков белгилегендей, жаңы борбордо өлкөнүн бардык аймактарынан келген бейтаптарга жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүлөт. Зарыл учурда жол кырсыгынан же башка өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган жарандар тик учак аркылуу жеткирилип, акысыз дарыланууга мүмкүнчүлүк алышат.

«Бул борбор элибизге күнү-түнү кызмат кылган заманбап медициналык мекеме болот. Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан, анын ичинде кырсыкка кабылган жарандарды тик учак менен алып келип, эң жогорку технологиялардын негизинде бекер дарылашат. Президентибизге чоң алкыш. Рахмат айтабыз», – деп жазды Сабырбек Жумабеков.

 

3-август, 2026-ж. / Редакция / Медицина 164
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X