Бишкек–Ош багытында 6–8 сааттык ылдам поезд каттамынын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда

4-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 110

Бишкектен Ошко чейин 6–8 саатта жеткирчү ылдам поезд каттамын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, демилге өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал темир жол долбоорунун алкагында ишке ашырылышы мүмкүн.

Сакиев белгилегендей, жаңы темир жол өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган маанилүү транспорттук коридорго айланат. Долбоор ишке ашса, жүк ташуулардын негизги бөлүгү темир жолго өтүп, автожолдордогу жүктөм азаят, логистикалык чыгымдар кыскарып, ташуулардын коопсуздугу жогорулайт.

Мындан тышкары, долбоор жүк ташуу менен катар жүргүнчүлөрдү ташууну да камтыйт. Алдын ала пландарга ылайык, келечекте Бишкек–Ош багытында ылдам жүрүүчү поезд каттап, эки шаардын ортосун 6–8 саатта басып өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлүшү мүмкүн.

Бирок бул демилгенин ишке ашуусу техникалык-экономикалык негиздеменин жыйынтыгына жараша болору белгиленди. Долбоор өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүп, аймактар аралык байланышты чыңдоого багытталган.

4-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 110
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X