«Асман» шаарын куруу боюнча эл аралык форум өтүп, кызматташтыкты бекемдеген документтерге кол коюлду

5-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 69

Бишкекте «Асман» жаңы шаарын куруу жана өнүктүрүү – 2026» аталышындагы жогорку деңгээлдеги форум өтүп, экологиялык жактан таза жаңы шаарды куруу долбоорун ишке ашыруунун негизги багыттары талкууланды.

Форумдун катышуучулары шаар куруу пландаштыруу, инженердик жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, жаңы шаардын функционалдык түзүмүн калыптандыруу, инвестицияларды тартуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин карашты.

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов «Асман» долбоору Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, заманбап технологияларды киргизүүгө жана туруктуу шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Форумдун алкагында долбоорду практикалык ишке ашыруу, тармактык инфраструктураны өнүктүрүү жана мындан аркы кызматташуу механизмдери талкууланды. Ошондой эле «Асман» жаңы шаарын өнүктүрүүгө багытталган бир катар кызматташтык документтерине кол коюлду.

Иш-чара мамлекеттик органдардын, инвесторлордун жана эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусунда өтүп, долбоорду ишке ашыруунун кийинки этаптары боюнча сунуштар айтылды.

5-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 69
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X