Жамин Акималиев, академик: Мал баккан эмес, сапаттуу эт өндүргөн өлкө болушубуз керек

5-август, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 133

Кыргызстанда бодо малдын саны көбөйүп, эт өндүрүшүн арттыруу үчүн ири бордоп семиртүүчү комплекстерди куруу демилгелери сунушталууда. Бирок, тармактын негизги көйгөйү малдын санын көбөйтүүдөбү же аны натыйжалуу багуу системасындабы? Ушул жана башка суроолорго айыл чарба илимдеринин доктору, академик Жамин Акималиев жооп берди.

Жамин агай, бүгүн Кыргызстанда бодо малдын саны өсүп жатканы көп айтылууда. Бирок ошол эле учурда эл арасында «Мал көбөйсө да, эт эмне үчүн арзандабай жатат?» деген суроолор көп айтылат. Мунун негизги себеби эмнеде?
— Себеби биз көп учурда малдын санын гана негизги көрсөткүч катары карап жатабыз. Чындыгында, мал чарбасындагы башкы көрсөткүч малдын саны эмес, анын өндүрүмдүүлүгү. Бир малдан канча эт алабыз? Ал канча убакытта салмак кошот? Аны багууга канча чыгым кетет? Негизги көңүл ушул суроолорго бурулушу керек.  Кыргызстанда бодо малдын саны совет мезгилиндегиден да көбөйдү. Эл мурдагыдай эле кой, эчкиге гана эмес, бодо малга, жылкыга жана топозго көбүрөөк көңүл бура баштады. Бул экономикалык жактан туура кадам болду. Бирок, малдын саны көбөйгөн сайын аны камсыздай турган шарттар да өзгөрүшү керек эле. Тилекке каршы, бизде мал көбөйдү, бирок аны камсыздай турган тоют базасы, технология жана өндүрүштү уюштуруу системасы өнүккөн жок.

Кыргызстанда жайыт маселеси да курч болуп жатат. Малдын көбөйүшү жайыттарга кандай таасир берди?
— Бул бүгүнкү мал чарбасынын эң чоң көйгөйлөрүнүн бири. Совет мезгилинде өлкөдө 9,5 миллион гектар жайыт бар болчу. Ал жайыттар белгилүү бир тартип менен пайдаланылчу. Кайсы аймак качан колдонулат, кайсы жер эс алаары баары эсептелчү. Азыр ошол система бузулду. Мурда негизинен кой чарбасына ылайык пайдаланылган жайыттарга бүгүн бодо мал, жылкы жана башка малдар да көп чыгарылууда. Натыйжада жайыттарга түшкөн жүк мурдагыдан бир нече эсеге көбөйдү.   Мурда жайыттар малдын тоютка болгон муктаждыгынын 60 пайызына чейин камсыз кылса, азыр 45–50 пайыздын тегерегинде гана камсыздап калды. Демек, биз малдын санын көбөйттүк, бирок анын азык базасын ошол деңгээлде кеңейте алган жокпуз.

Айрымдар эттин баасын төмөндөтүүнүн жолу малдын санын дагы көбөйтүү дешет. Буга макулсузбу?
— Малдын санын чексиз көбөйтүү менен маселе чечилбейт. Эгер малга жетиштүү тоют жок болсо, көп мал көп киреше эмес, тескерисинче, көп көйгөй алып келет. Эттин баасын арзандатуунун негизги жолу туруктуу өндүрүш түзүү. Базар экономикасында бааны сунуш аныктайт. Эгер өлкө жетиштүү көлөмдө сапаттуу эт өндүрө алса, рынокто атаандаштык күчөйт жана баа турукташат. Ошондуктан Кыргызстанда колдо бордоп семиртүү системасын өнүктүрүү зарыл. Биз малды жөн гана жайытта кармап коюу менен чоң өндүрүш түзө албайбыз.

Сиз совет мезгилинде Кыргызстанда бодо малды бордоп семиртүү боюнча ийгиликтүү системалар болгонун айтып жүрөсүз. Ал системанын негизги артыкчылыгы эмнеде эле?
— Ал мезгилдеги негизги артыкчылык мал чарбасынын илим менен тыгыз байланышта болгонунда. 1970-жылдары Кыргызстанда бодо малды өнөр жайлык негизде бордоп семиртүү системасы түзүлгөн. 2000 башка чейин мал атайын комплекстерде багылган.
Бирок ал жерде негизги нерсе малдын көптүгүндө эмес, технологияда болгон. Тоют базасы алдын ала даярдалчу. Арпа, жүгөрү, көп жылдык чөптөр өстүрүлчү. Малдын рациону илимий негизде түзүлүп, ар бир процесс эсепке алынчу. Малдын кармоо шарттарына да чоң көңүл бурулчу.
Бир жолу республикалык семинарда сарайларда сөзсүз вентиляция болушу керек деген маселени көтөргөн элем. Анткени аба алмашпаган жерде мал ооруйт, табити төмөндөйт, салмак кошуусу жайлайт.

Кийин бул талаптар долбоорлорго киргизилип, комплекстерге желдетүү системалары орнотулган. Жыйынтыгында мал кадимки шартта суткасына 600 грамм гана салмак кошсо, туура уюштурулган бордоп семиртүүдө 1 килограмм 200 граммга чейин салмак кошо баштаган. Бул жакшы тоюттун жана туура технологиянын натыйжасы болгон.

Азыр Чүй облусунда 20 миң башка чейин бодо малды бордоп семиртүүчү ири комплекстерди куруу пландалууда. Мындай долбоорлор ийгиликтүү болушу үчүн эмнеге көңүл буруу керек?
— Биринчи кезекте, комплексти куруу менен эле иш бүтпөй турганын түшүнүшүбүз керек. Чоң ферма чоң жоопкерчилик. Ал жерде сапаттуу тоют базасы, суу, ветеринардык кызмат, адистер жана заманбап технология болушу шарт.   Эгер миңдеген малды бир жерге топтоп алып, бирок аларды багуу системасын түзө албасак, анда күткөн натыйжа болбойт. Ошондуктан, мурдагы тажрыйбадан сабак алышыбыз керек. Бирок өткөндүн сырткы көрүнүшүн эмес, анын негизин илимий мамилени жана өндүрүштү уюштуруу тажрыйбасын кайтарышыбыз зарыл.

— Кыргызстан кайрадан ири эт өндүрүүчү өлкөгө айлана алабы?
— Бизде ага бардык мүмкүнчүлүк бар. Кыргызстандын жайыттары бар, мал багуу боюнча чоң тажрыйбасы бар, эмгекчил фермерлери бар. Бирок ошондой болсо дагы үч негизги багытка көңүл буруу керек. Биринчиси, тоют базасын чыңдоо. Тоютсуз мал чарбасын өнүктүрүү мүмкүн эмес.
Экинчиси, чарбаларды ирилештирүү жана кооперацияны өнүктүрүү. Майда чарба жалгыз өзү заманбап технологияларды толук колдоно албайт. Үчүнчүсү, илим менен өндүрүштүн байланышын күчөтүү.

Кыргызстандын келечеги малдын башын көбөйтүүдө эмес. Келечек ар бир баш малдан көбүрөөк жана сапаттуу продукция алууда. Биз көп мал баккан өлкө эмес, сапаттуу көп эт өндүргөн өлкө болууга умтулушубуз керек.

Чынайым Кутманалиева

5-август, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 133
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X