Сайдали Мамажанов, Арстанбап-Ата токой чарбасынын директору: Эң башкы максат – токойду сактап калуу
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жайгашкан Арстанбап-Ата жаңгак токою Кыргызстандын эле эмес, дүйнөнүн эң баалуу жаратылыш мурастарынын бири. Жер жүзүндөгү эң ири жапайы жаңгак токойлорунун катарына кирген бул аймак миңдеген жылдар бою табияттын өз мыйзамы менен жашап келген өзгөчө экосистема болуп саналат.
Бул токой жергиликтүү тургундардын жашоо-тиричилигине гана эмес, климаттын туруктуулугуна, биологиялык ар түрдүүлүктүн сакталышына жана өлкөнүн экологиялык коопсуздугуна да чоң салым кошот.
Бирок, бүгүн бул жашыл аймак олуттуу сыноолордун алдында турат. Калктын саны өсүп, малдын башы көбөйгөн сайын токойдун табигый жашаруусу жайлап, жаш көчөттөрдүн көбү өсүп жетилбей калууда. Мыйзамсыз курулуштар, жайыттарды көзөмөлсүз пайдалануу жана адам фактору да токойдун келечегине таасирин тийгизүүдө.
Арстанбап-Ата жаңгак токой чарбасынын директору Сайдали Мамажанов менен болгон маекте бүгүнкү күндөгү негизги көйгөйлөр, жүргүзүлүп жаткан иштер жана келечектеги пландар тууралуу кеңири сөз болду.
– Сайдали Макенбаевич, бүгүн Арстанбап токою кандай абалда?
– Арстанбап-Ата токою – дүйнөдөгү эң ири жапайы жаңгак токойлорунун бири. Бул жердеги жаңгак дарактарын эч ким атайын отургузган эмес. Алар миңдеген жылдар бою табигый жол менен өсүп, бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген. Айрым дарактардын жашы бир нече кылымга жетет.
Бул жерде жаңгак эле эмес, алма, алча, бадам жана башка көптөгөн дарак-өсүмдүктөр өсөт. Ошондуктан Арстанбап жөн гана токой эмес, бүтүндөй бир экосистема. Ал суу булактарын коргойт, жерди эрозиядан сактайт, абаны тазалайт жана миңдеген адамдардын жашоосуна түздөн-түз таасир этет.
Бүгүнкү күндө бизди эң көп тынчсыздандырган маселе – калктын жана малдын санынын көбөйүшү. Мал токойго кирип, жаңы өнүп чыккан көчөттөрдү тебелеп, жеп жок кылууда. Натыйжада жаңгак көчөттөрү өсө албай калууда. Мунун кесепети азырынча дароо байкалбашы мүмкүн. Бирок убакыт өткөн сайын картайган дарактардын ордуна жаш дарактар өсүп чыкпаса токойдун табигый жаңылануусу токтоп, келечекте токой аянтынын кыскарышына алып келиши мүмкүн.
Мал кирбеген тосулган жерлерди карасаңыз, айырмасы дароо көрүнөт. Ал жакта жаш көчөттөр эркин өсүп, жаңы токой калыптанып жатат. Ал эми мал эркин жайылган тилкелерде мындай көрүнүш дээрлик жок болууда. Ошондуктан биз жергиликтүү тургундар менен тыгыз иштеп, мал чарбасын сан жагынан эмес, сапат жагынан өнүктүрүү зарылдыгын түшүндүрүп келебиз.
– Эл токойду жайыт катары пайдаланып келет экен. Бул маселени кантип жөнгө салып жатасыздар?
– Бул көп жылдан бери уланып келе жаткан көрүнүш. Токойдун айрым жерлери жайыт катары пайдаланылып келгендиктен, аны административдик жол менен эле чечүү кыйын. Ошондуктан биз биринчи кезекте түшүндүрүү иштерине басым жасап жатабыз. Эл менен жолугушуп, токойдун келечеги ар бир жарандын жоопкерчилигине байланыштуу экенин айтып келебиз.
Биздин максат – токойду сактоо аркылуу келечек муундар үчүн да бул байлыкты калтыруу. Анткени токой сакталса гана анын пайдасын бүгүнкү муун, эртеңки муун да көрөт.
– Токойду калыбына келтирүү боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?
– Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын тапшырмасы менен жылына биздин кызматкерлер тарабынан 30-40 гектарга ар түрдүү көчөттөр отургузулат. Мында көчөт тигиле турган жерлер толугу менен тосулат. Себеби, бул жаш көчөттөрдү малдан коргоонун эң натыйжалуу жолу.
Андан кийин жаңгак жана башка жергиликтүү дарактардын көчөттөрү отургузулат. Тосулган аянттарда көчөттөр эркин өсүп, акырындык менен жаңы токой пайда болот. Биз дал ушундай ыкма менен жылдан-жылга токойдун жашаруусуна шарт түзүп жатабыз.
– Мындай масштабдагы иштерди жүргүзүүгө каражат жетиштүүбү?
– Албетте, мындай чоң аймакты сактоо жана калыбына келтирүү бир топ каражатты талап кылат. Токой аянттарын тосуу, көчөт өстүрүү, аларды отургузуу жана кийинки кароо иштеринин ар бири өзүнчө чыгым.
Биздин ишкана мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттын негизинде иш алып барабыз. Ошол эле учурда эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу да чоң мааниге ээ. Айрыкча акыркы жылдары Ага-Хан фонду тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардам жүргүзүлүп жаткан иштердин көлөмүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүүдө.
– Көчөттөрдү өзүңүздөр өстүрөсүздөрбү?
– Ооба. Биздин өзүбүздүн көчөтканабыз бар. Анда жаңгак, алма, алча, бадам, соскайың жана башка дарактардын көчөттөрү өстүрүлөт. Биз көчөттөрдү отургузууда токойдун табигый түзүлүшүн сактоого өзгөчө көңүл бурабыз. Ошондуктан бир эле дарактын түрүн эмес, ар кандай көчөттөрдү аралаш тигебиз. Бул токойдун биологиялык туруктуулугун камсыздайт. Эгер бир эле түр басымдуулук кылса, кандайдыр бир илдет же зыянкеч чыккан учурда чоң зыян алып келиши мүмкүн.
Бүгүнкү күндө биздин көчөттөргө өлкөнүн ар кайсы аймактарынан суроо-талап чоң. Жаңгак багын өстүрүүнү каалаган жарандар атайын келип көчөттөрдү алып кетишет.
– Зыянкечтер менен күрөш кандай жүргүзүлөт?
– Токойду коргоодо зыянкечтерге каршы күрөш дагы маанилүү багыттардын бири. Биздин чарбада атайын өндүрүштүк станция иштеп, адистер токойдун абалын дайыма көзөмөлдөп турушат. Кайсы бир жерде оору же зыянкеч байкалса, дароо тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлөт. Анткени алдын алуу кийин чоң чыгымга кабылгандан алда канча натыйжалуу. Токойдун саламаттыгын сактоо үчүн үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү бүгүнкү күндүн негизги талаптарынын бири болуп калды.
– Аймактагы мыйзамсыз курулуштар боюнча абал кандай?
– Бул дагы токойду коргоо менен тыгыз байланышкан маселе. Азыр мыйзамсыз курулган объектилерди мыйзам чегинде тартипке келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Анткени мыйзамсыз курулуштар көбүнчө жайыттарды көзөмөлсүз пайдаланууга, малдын токойго көбүрөөк киришине шарт түзөт. Ошондуктан бул маселени чечүү токойду сактоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат.
– Ушундай чоң аймакты канча кызматкер көзөмөлдөйт?
– Учурда чарбада жалпысынан 30 кызматкер эмгектенсе анын 18и токойчу. Биздеги токойчуларга белгилүү бир тилке бекитилип, ошол аймакты коргоо, көзөмөлдөө жана токойдун абалына жооп берүү милдети жүктөлгөн. Бул чоң жоопкерчиликти талап кылган иш. Анткени Арстанбап-Ата айыл аймагында 24 миңден ашуун адам жашайт. Калктын саны көбөйгөн сайын токойго болгон басым дагы күчөйт. Ошого карабастан кызматкерлерибиз токойду сактоо үчүн күнү-түнү эмгектенип келишет.
Токойду коргоо – көчөт отургузуу же тосмо куруу менен гана чектелбейт. Бул ар бир жарандын жаратылышка болгон мамилесинен, жоопкерчилигинен жана келечек тууралуу ойлонуусунан башталат.
Кенже Осмоналиева