УТРКнын «Телекүзөт» берүүсүнүн редакторуна кол салган жаран кармалды

6-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 177

УТРКнын «Телекүзөт» берүүсүнүн редакторуна кол салуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү  жаран кармалды.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголгон. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери  шектүүнүн өздүгүн аныктап, аны 1995-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран экени белгилүү болгон.

Шектүү кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X