Нурлан Керимкулов, Ноокат районунун акими: Өлкөдөгү өзгөрүүлөр аймактарды өнүктүрүүгө жол ачты

6-август, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 319

Райондук бийликти колго алганына аз эле убакыт болгонуна карабай Нурлан Бейшенбекович биздин соболдордон айрымдарчылап качпай, кеңири маанайда жооп узатты. Буга дейре Кочкор районун башкарып, иш билгилигинин айынан кыйла күйөрман топтоого жетишкен маектешим Ноокаттан да көпчүлүктүн көңүл борборунда түнөк таба аларына ишеним чоң. Эмесе, биздин маекке назар салыңыздар.

– Нурлан Бейшенбекович, ар бир жердин өзгөчөлүгү, жер шарты, элдин менталитети бар эмеспи. Дегеним, жаңы иш ордуңузга көнүшүп, ишти бир жолго салып алдыңызбы?
– Ооба, ар бир аймактын өзүнүн өзгөчөлүгү, жер шарты жана ошого жараша жергиликтүү элдин менталитети болот экен. Бул райондун эли өтө эмгекчил, мээнеткеч жана кичи пейил экенине күбө болдум. Райондун негизги өзгөчөлүгү – жерлери түшүмдүү болгону менен сугат суу маселеси курч. Тилекке каршы, райондо бир дагы бассейн (сууну жөнгө салуучу) жок болгондуктан, жаратылыштан келген суу атайын график менен бөлүштүрүлөт. Айрыкча, жай мезгилинде суу тартыштыгы жаралат. Ошого карабастан элибиз бир карыш жерди да бош калтырбай иштетип келет. Учурда аймактын көйгөйлөрүн жеринде изилдеп, тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте аларды чечүү боюнча системалуу иштерди жүргүзүп жатабыз. Тыным жок…

Бир кездери акимдер: “Айыл өкмөттөрдү эл шайлаганда бизди тоготпой, мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө кыйынчылык жаралчу” деп айтып келишчү. Азыр айыл өкмөт башчыларын түздөн-түз аким дайындайт. Бул системанын түпкүлүгүн кандай баалайсыз?
– Мен бул өзгөрүүнү туура чечим деп эсептейм. Себеби, мурда акимдин жоопкерчилиги чоң болгону менен ыйгарым укугу чектелүү болчу. Айрым учурларда жергиликтүү кеңештер менен аткаруу бийлигинин ортосунда пикир келишпестиктер жаралып, мамлекеттик чечимдерди ишке ашыруу кечеңдеп калчу. Азыр мамлекеттик бийликтин вертикалы бекемделип, бардык жетекчилер бир максат менен иш алып барууга шарт түзүлдү. Натыйжада чечим кабыл алуу ыкчамдап, жоопкерчилик күчөдү. Эң негизгиси – мамлекеттик саясатты жер-жерлерде натыйжалуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк кеңейди.

– Мамлекеттик бийликтин вертикалын чыңдоо максатында киргизилген бул эреже өз жемишин берип жатабы?
– Албетте, өз жемишин берип жатат. Мурда мыйзамдык карама-каршылыктар болуп, мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда айрым маселелер боюнча пикир келишпестиктер жаралчу. Азыр болсо мындай тоскоолдуктар дээрлик жоюлуп, бардык мамлекеттик органдар бир багытта иш алып барып жатат. Натыйжада жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү кыйла жеңилдеп, чечимдер ыкчам кабыл алынууда. Мунун эң жакшы мисалын өзүбүздүн райондон көрүүгө болот. Ушул жылдын апрель айында Урматтуу Президентибиз Садыр  Нургожоевич Жапаров райондун эли менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн жана сунуштарын түздөн-түз укту. Ошол жолугушууда көтөрүлгөн жергиликтүү маанидеги маселелердин басымдуу бөлүгү кыска убакыттын ичинде чечимин таап, ишке аша баштады. Мисалы, бул кызматка келгениме 3 күн болгондо эле капиталдык салымдардын эсебинен жалпы суммасы 1 миллиард 250 миллион сомдук курулуш иштерине старт берилди. Анын алкагында 3 мектептин, заманбап спорт комплексинин, стадиондун жана кыргыз элинин чыгаан кызы Уркуя Салиеванын музейинин курулушу башталды. Ал эми мен мурда башка райондо 5 жылдан ашык аким болуп иштеп, ошол мезгил аралыгында жалпы 1 миллиард 600 миллион сомдук долбоорлорду ишке ашырганбыз. Ал кезде бул республикадагы эң алдыңкы көрсөткүчтөрдүн бири болчу. Бүгүн болсо мындай көлөмдөгү каражаттын бир эле учурда бөлүнүп, иштердин башталышы мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүгү кеңейип, аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айгинелейт.

– Сиз жетектеген аймактын артыкчылыгы менен алсыз жактары белгилүү боло баштаса керек…
– Биздин райондун эң чоң артыкчылыгы – эмгекчил, ынтымактуу жана кичи пейил элибиз. Жерлери түшүмдүү болгондуктан айыл чарбасын өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар. Ошол эле учурда райондун басымдуу бөлүгү адырлуу болгондуктан айдоо жерлеринин көбү кургак айдоо болуп эсептелет. Мындан тышкары, сугат суу маселеси дагы негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Ошондуктан, алдыдагы негизги максаттарыбыздын бири – ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу болуп турат.

Айрым эксперттер мамлекеттик көзөмөлдү күчөтпөстөн, тескерисинче көбүрөөк эркиндик бериш керек дешет. Бул боюнча көз карашыңыз кандай?
– Бул маселеге бир жактуу баа берүү туура эмес деп ойлойм. Жеке сектор өзүнүн инвестициясын жумшагандыктан өндүрүшкө, сапатка жана натыйжага өзгөчө көңүл бурат. Бирок мамлекеттин негизги милдети – мыйзамдуулукту камсыз кылуу, коомдук кызыкчылыкты коргоо жана туруктуу өнүгүүгө шарт түзүү. Ошондуктан, мамлекет менен жеке сектор бири-бирин толуктап турушу керек. Бүгүн өлкө жетекчилиги инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү, ашыкча административдик тоскоолдуктарды жоюу боюнча бир топ реформаларды жүргүзүп жатат. Мыйзамдар өркүндөтүлүп, тиешелүү жарлыктар жана чечимдер кабыл алынууда. Бул өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө жана жаңы инвестициялардын келишине жакшы өбөлгө болуп жатат.

– Учурда жергиликтүү жетекчилер туризмге өзгөчө көңүл бурушууда. Сиздерде бул багытта кандай иштер жүрүп жатат?
– Туризм – райондун экономикасын көтөрө турган эң келечектүү тармактардын бири. Бирок, туризмди өнүктүрүү үчүн эң биринчи инфраструктура болушу керек. Ошондуктан биз бул багытта конкреттүү долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. Калган сөздү максаттар ишке ашканда айтса жөндүү болот го. Мисалы, райондогу эң кооз жайлардын бири болгон Кара-Кой жаратылыш паркында учурда ири иштер жүрүүдө. Паркка алып баруучу унаа жолу курулуп, заманбап саркынды сууларды тазалоочу курулма салынып жатат. Ошондой эле туристтер үчүн жеңил конструкциялык эс алуу жайлары, көрүү аянтчалары жана башка керектүү инфраструктуралар курулууда. Бул иштердин негизги максаты – туристтерди тартуу менен гана чектелбестен, жергиликтүү эл үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, кызмат көрсөтүү тармагын кеңейтүү болуп саналат. Туризм өнүккөн сайын жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукциясына суроо-талап өсүп, элдин кирешеси көбөйөт. Биздин максат – райондун жаратылыш мүмкүнчүлүгүн туура пайдаланып, туризмди экономиканын өсүшүнө жана элдин жашоо деңгээлин жакшыртууга кызмат кылган негизги тармактардын бирине айландыруу.

– Элди маалымат менен камсыздоо боюнча кандай иштер жүрүүдө?
– Учурда маалыматты негизинен социалдык тармактар аркылуу алуу кеңири жайылган. Ошондуктан биз да элге ыкчам жана так маалымат жеткирүүгө өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Райондук мамлекеттик администрациянын расмий социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу аткарылып жаткан иштер, кабыл алынган чечимдер, курулуштар жана башка маанилүү маалыматтар үзгүлтүксүз жарыяланып турат. Жергиликтүү блогерлер менен жалпыга маалымдоо каражаттары да маалымат жеткирүүдө өз ордун ээлеп келет. Албетте, алардын арасында коомдогу көйгөйлөрдү көтөрүп, конструктивдүү сунуштарды берип, коомдук көзөмөлдү күчөткөндөр бар. Биз мындай сын-пикирлерди туура кабыл алып, тиешелүү жыйынтык чыгарууга аракет кылабыз. Тилекке каршы, айрым учурларда элдин көйгөйүн же ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын жамынып алып, чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу же жеке кызыкчылык үчүн чагымчыл контент даярдоо көрүнүштөрү да кездешет. Мындай аракеттер коомго пайда алып келбейт. Ошондуктан биз ар дайым так маалыматка, мыйзамдуулукка жана ачык-айкын иштөөгө таянып, коомчулук менен тыгыз байланышта иш алып барууну улантабыз.

Калыгул Бейшекеев

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X