Бишкекте кран кулады. Жооптуулар кызматынан ажырады

6-август, 2026-ж. / Редакция / Кырсык 130

Бүгүн, 6-августта, Бишкектеги Арстанбек Дүйшеев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайдын аймагында жүк көтөрүүчү автокран оодарылып кетти.

Окуя тууралуу маалымат түшөрү менен Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти ыкчам текшерүүгө киришти.

Алдын ала аныкталгандай, автокран темир түтүктөрдү көтөрүп жаткан учурда техниканын туруктуулугу талаптагыдай камсыздалбай, натыйжада оодарылып кеткен.

Бактыга жараша, кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Бирок автокранды кайра жылдыруу учурунда жанында токтоп турган жеңил унаа чийилип калган. Курулуш компаниясы келтирилген чыгымды толугу менен өз каражатынын эсебинен калыбына келтирерин билдирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында коопсуздук талаптарын жана курулуш ченемдерин бузганы үчүн “Нурзаман” ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынды. Мындан тышкары, курулуштун прорабы менен автокрандын оператору тиешелүү сертификаттарынан ажыратылды.

Жоопкерчилик муну менен эле чектелген жок. Мамлекеттик көзөмөлдү талаптагыдай жүргүзбөгөнү үчүн Департаменттин жооптуу адисине тартиптик жаза колдонулуп, ал кызматынан бошотулду.

Бул окуя курулуш аянттарында коопсуздук эрежелерин так сактоонун канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу көрсөттү.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X