Кыргызстан менен Россия ишкерлердин көйгөйлөрүн биргелешип чечет
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде ата мекендик жеңил өнөр жай өкүлдөрү менен Россия делегациясынын жолугушуусу өтүп, тармактагы актуалдуу маселелер талкууланды.
Жолугушууга Россия Федерациясынын финансы министринин орун басары — статс-катчы Алексей Сазанов, Федералдык салык кызматынын жетекчисинин орун басары Александр Егоричев жана Федералдык бажы кызматынын өкүлдөрү катышты.
Талкуунун жүрүшүндө Александр Егоричев СПОТ системасынын иштөө тартиби, QR-код алуунун жол-жобосу, камсыздоо төлөмүн киргизүү жана товарларды Россия аймагына ташып кирүүдө колдонулган контролдук механизмдер тууралуу маалымат берди.
Кыргызстандык ишкерлер өз кезегинде документтерди тариздөө, жүктөрдү чек арадан өткөрүү жана текшерүү процессинде жаралып жаткан көйгөйлөрдү ачык айтып, сунуштарын билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында ишкерлердин кайрылууларын ыкчам кароо жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн Кыргызстан менен Россиянын катышуусунда эки тараптуу жумушчу топ түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.