Нурдан Орунтаев: «Дөөлөт курулушта» курулуш иштери 10-августта башталат
Көп жылдан бери үйүн күтүп жаткан «Дөөлөт курулуш» компаниясынын үлүш ээлери үчүн курулуш иштерин жандандыруу боюнча так мөөнөт белгиленди. Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин айтымында, объектте иштер 10-августтан тарта башталат.
Министр 7-августта компаниянын курулуш объектилеринин биринде үлүш ээлери менен жолугуп, маселени чечүүдө буга чейин бир катар укуктук жана документтик тоскоолдуктар болгонун билдирди.
Анын маалыматына караганда, камакта турган «Дөөлөт курулуш» компаниясынын негиздөөчүсү Максат Чунуев объектилерди мамлекеттин карамагына өткөрүү үчүн зарыл болгон документтерге кол коюудан баш тартып, процессти создуктурган. Буга байланыштуу укуктук чараларды көрүү үчүн прокуратура органдары да тартылган.
Февраль айында башталган иштердин жыйынтыгында «Базис-М» компаниясынын 99 пайыздык үлүшү Курулуш министрлигине караштуу «Курулуш дирекциясына» өткөрүлүп, мамлекеттик реестрге катталды.
Эми негизги басым курулушту тез арада жандандырууга жасалат. Министрликтин маалыматына ылайык, инвестор тартылып, керектүү курулуш материалдары менен жабдууларды жеткирүү башталды. Ошондой эле атайын инженердик-техникалык курам ишке киришет.
«Эми негизги милдет курулушту баштоо. 10-августтан тартып иштерди баштайбыз», — деди Нурдан Орунтаев.
Мындан ары мамлекеттик органдар менен инвестордун негизги максаты токтоп турган объектилерди бүткөрүп, көп жылдан бери үйүн күтүп келген үлүш ээлерин батирлүү кылуу.