Бишкектин айрым жерлеринде ысык суу эки күнгө өчүрүлөт

10-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 132

Бишкектин Чүй проспектисиндеги айрым үйлөрдө ысык суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, жылуулук тармагын реконструкциялоо иштеринин алкагында 11-август саат 09:00дөн 12-август саат 18:00гө чейин ысык суу берилбейт.

Өчүрүү Чүй проспектисиндеги 26, 42, 44, 97, 99, 99/1, 99/2, 105, 107, 109, 111, 113, 115, 115А, 117, 119-үйлөргө, ошондой эле Гражданская, Курманжан Датка көчөлөрүндөгү бир катар даректерге тиешелүү.

Ысык суу «Туризм академиясы», «Алыш» социалдык шаарчасы, №17 кесиптик лицей, Свердлов акимиаты, КРСУ жана айрым бизнес объектилерине да убактылуу берилбейт.

«Бишкекжылуулуктармагы» жарандардан убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууну суранды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X