Энергетика тармагын модернизациялоо: МУРЭС долбоору кандай өзгөрүүлөрдү алып келүүдө?

11-август, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 162

Кыргызстандын электр энергетика тармагын жаңылоо, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана тармакты заманбап технологиялар менен камсыз кылуу багытында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын бири — Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан «Электр энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» (МУРЭС) долбоору.

Долбоордун жалпы каржылоо көлөмү 58 млн АКШ долларын түзөт. Анын алкагында электр тармактарын реконструкциялоо жана модернизациялоо, бөлүштүрүү тармагын санариптештирүү, заманбап эсептөө системаларын киргизүү, социалдык колдоо механизмдерин жакшыртуу жана энергетика тармагындагы институционалдык потенциалды күчөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

МУРЭС долбоору 2023-жылдын 28-июлунда күчүнө кирген жана аны ишке ашыруу мөөнөтү 2027-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген.

 Электр тармактарын жаңылоого багытталган иштер

Долбоордун негизги багыттарынын бири — электр энергиясын бөлүштүрүүчү тармактарды модернизациялоо. Бул багытта электр тармактарындагы эскирген жабдууларды жаңыртуу, жаңы трансформаторлорду жана кабелдерди орнотуу, ошондой эле электр энергиясын берүүдө ишенимдүүлүктү жогорулатуу боюнча иштер аткарылууда.

Мисалы, долбоордун алкагында 10(6)/0,4 кВ чыңалуудагы 281 трансформатор сатып алынып, Кыргызстандын бардык аймактарына жеткирилди жана орнотулду.

Алар Бишкек, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы электр тармактарына бөлүштүрүлдү.

Мындан тышкары,16 МВА 35 кВ чыңалуудагы 10 күч трансформатору сатып алынып, тиешелүү көмөкчордондорго орнотулду. Алардын арасында Бишкектеги «Водоканал», Чүй облусундагы «Достук», «Кудайберген», «Военно-Антоновка», «25 лет Кыргызстан», Ысык-Көлдөгү «Южная-1», Баткендеги «Животноводческая», Жалал-Абаддагы «Комсомол», Ош облусундагы «Речная» жана «Ош-7» көмөкчордондору бар.

Бул иштердин негизги максаты — электр тармактарынын өткөрүмдүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылууга шарт түзүү.

Кабелдик тармактар жаңыланууда

Долбоордун алкагында Бишкек, Ош шаарларында жана Ысык-Көл облусунда 6–10 кВ чыңалуудагы кабелдерди жаңылоо иштери да жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 100 чакырым кабель орнотуу пландалган. Анын ичинен Бишкек шаарына — 66,7 км, Ош шаарына — 19,7 км жана Ысык-Көл облусуна — 13,6 км каралган. 2026-жылдын 8-июлуна карата жалпы 76,1 чакырым кабель орнотулуп, пландын 76 пайызы аткарылган. Ысык-Көл облусунда пландалган 13,6 чакырымдын баары орнотулуп бүтсө, Бишкек шаарында 46,2 км, Ош шаарында 16,2 км кабель тартылган. Мындан тышкары, долбоордун алкагында өзүн-өзү кармоочу изоляцияланган зымдарды (СИП) орнотуу боюнча иштер да жүргүзүлүп, каралган көлөмдүн 100 пайызы кампаларга жеткирилген жана орнотуу иштери аяктаган.

Электр энергиясын эсепке алуу санариптик форматка өтүүдө

МУРЭС долбоорунун дагы бир маанилүү багыты — электр энергиясын эсепке алуу системасын санариптештирүү.

Долбоордун алкагында автоматташтырылган эсепке алуу системасынын 500 100 даана эсептегичи жана 10 миң концентратору сатып алынып, 2025-жылдын аягына чейин Кыргызстандын бардык аймактарына орнотулду. Бул система электр энергиясын керектөөнү так эсепке алууга, маалыматтарды автоматтык түрдө алууга, жоготууларды азайтууга жана электр энергиясын керектөө менен төлөмдөрдү көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Мындан тышкары, 2026-жылы дагы 390 миң даана АСКУЭ эсептегичин сатып алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Биринчи партиясы август айынын башында Кыргызстанга келди. Жаңы эсептегичтер Бишкек, Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл электр тармактарына бөлүштүрүлөт.

Электр тармактарын башкаруу үчүн санариптик технологиялар

Энергетика тармагын модернизациялоо жабдууларды жаңыртуу менен гана чектелбестен, электр тармактарын башкаруунун заманбап санариптик инструменттерин киргизүүнү да камтыйт.

Мындай багыттардын бири — электр тармагынын объекттерине мониторинг жүргүзүү жана аларды башкаруу үчүн арналган SCADA системасын киргизүү. Энергетика системасындагы SCADA системасы (диспетчердик башкаруу жана маалыматтарды чогултуу) — бул электр тармагынын объекттеринен жана жабдууларынан реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды чогултууга, электр жабдууларынын иштешин көзөмөлдөөгө, ошондой эле электр энергиясын өндүрүү жана берүү процесстерин башкарууга мүмкүндүк берген аппараттык-программалык комплекс.

Системаны киргизүүгө даярдыктын алкагында Дүйнөлүк банктын консультанты «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын (НЭСК) бир катар объекттерине, анын ичинде Борбордук диспетчердик кызматка, 110 кВ «Ивановка», 220 кВ «Чүй» жана 500 кВ «Кемин» көмөкчордондоруна изилдөө жүргүздү. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү сунуштар, техникалык спецификациялар жана тендердик документация даярдалды. 2026-жылдын февраль айында «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААК үчүн SCADA IT-системасын, анын ичинде зарыл болгон IT-жабдууларды сатып алуу жана адаптациялоо боюнча эл аралык тендер жарыяланган.

2026-жылдын май айында тендердин катышуучуларынын техникалык сунуштарын ачуу өткөрүлдү. Учурда тендердик сунуштарды баалоо долбоордун консультантынын катышуусунда жүргүзүлүүдө. Баалоо боюнча отчет Дүйнөлүк банктын макулдугуна жөнөтүлдү.

Модернизация — жабдуу гана эмес, адам ресурсу

Электр энергетика тармагындагы өзгөрүүлөр жаңы жабдууларды орнотуу менен гана чектелбейт. Алар менен иштей турган адистердин билимин жана коопсуздук талаптарын сактоо жөндөмүн жогорулатуу да маанилүү. Ушул максатта долбоордун алкагында энергетика тармагынын кызматкерлери үчүн окуу жана тренингдер өткөрүлүүдө. 2025-жылдын июль айында республиканын бардык аймактарындагы райондук электр тармактарынын кызматкерлери үчүн окутуулар уюштурулуп, ага 272 кызматкер, анын ичинде 37 аял катышкан.

2026-жылы Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Талас облустарында эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана жүрүм-турум кодекси боюнча кошумча тренингдер өткөрүлдү.

Коомчулук үчүн ачык маалымат жана социалдык жоопкерчилик

МУРЭС долбоорунда социалдык жана экологиялык талаптарга да көңүл бурулган. Долбоордун алкагында трансформаторлор орнотула турган 281 жерде жана 233 чакырым электр линияларынын багытында экологиялык жана социалдык скрининг жүргүзүлгөн. Ошондой эле аймактарда айлана-чөйрөнү жана социалдык чөйрөнү башкаруу боюнча пландар иштелип чыгып, коомдук угуулар өткөрүлгөн. Жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана кароо үчүн атайын механизм киргизилип, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалдарында жооптуу кызматкерлер дайындалган.

МУРЭС долбоорунун кийинки багыты

2026-жылдын 30-июнуна карата долбоор ишке ашырыла баштагандан берки жалпы өздөштүрүү 32,7 млн АКШ долларын түздү.

Алдыда электр тармактарын жаңылоо, жаңы эсептегичтерди орнотуу, санариптик башкаруу системаларын киргизүү жана энергетика тармагындагы институционалдык мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүү боюнча иштер улантылат.

МУРЭС долбоорунун негизги максаты — энергетика тармагына заманбап технологияларды киргизүү менен бирге электр энергиясын бөлүштүрүүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, тармактагы жоготууларды азайтуу жана керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу.

Долбоордун 2027-жылдын аягына чейин ишке ашырылышы менен электр энергетика тармагындагы инфраструктуралык жана санариптик жаңыланууларды мындан ары да кеңейтүүгө шарт түзүлөт.

Күнболот Момоконов

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X