Окуучулар келечектеги кесибин тандоого 8-класстан баштап даярданат
2026–2027-окуу жылынан тартып 8-класстын окуучулары үчүн профилге чейинки даярдоо компоненти киргизилет. Ага жумасына 2 саат бөлүнүп, сабактар Кыргыз билим берүү академиясы иштеп чыккан 15 программанын негизинде өткөрүлөт.
Жаңы багыт окуучулардын кызыгуусун, жөндөмүн жана кайсы тармакка ыктаарын аныктоого багытталган. Ошондой эле балдарга келечектеги кесиптик кызыкчылыктарын эске алып, билим алуу багытын өз алдынча тандоого шарт түзүлөт.
Профилге чейинки даярдоонун программалары жана методикалык сунуштар Кыргыз билим берүү академиясынын сайтында жайгаштырылган.