31-августта Бишкек Аренага акысыз автобустар каттайт

12-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 109

31-августта Бишкек шаарындагы «Бишкек Аренада» өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине көрүүчүлөр үчүн акысыз автобустар каттайт.

Президенттин Иш башкармалыгынын маалыматына ылайык, шаар боюнча 22 пункттан «Бишкек Аренага» атайын экспресс-трансфер уюштурулат. Автобустар саат 13:00дөн 15:00гө чейин жүрүп, акыркы каттам саат 15:00дө жөнөйт. Андан кийин аренага трансфер болбойт.

Акысыз автобустар Ибраимов–Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен, Жибек Жолу көчөсү, 605 дарегинен, Барпы Алыкулов көчөсү, 32, Саякбай Каралаев көчөсү, 62, «Ак-Кула» автобекетинен, Ауэзов көчөсү, 4, Анкара көчөсү, 1/1, Айыл көчөсү, 10А/1, Жибек Жолу проспекти, 263/2, Иса Ахунбаев–Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинен жана Кожобергенов көчөсү, 13 дарегинен жөнөйт.

Ошондой эле трансфер Эркиндик бульвары, 1/А, Жаш Гвардия бульвары, 287, Токтоналиев көчөсү, 104, Шабдан Баатыр көчөсү, 52, Москва көчөсү, 266, Васильевский тракт, 18, Гагарин көчөсү, 284, Ала-Тоо жаңы конушу, 117, «Ак-Жол» өткөрмө пункту жана «Манас» аэропортунан каттайт. Чакыруу билети менен келген коноктор үчүн да өзүнчө каттам каралган.

Трансферлер экспресс-маршрут менен жүрүп, жолдо токтобойт. Андыктан көрүүчүлөр өзүнө ыңгайлуу пунктту алдын ала тандап, автобуска өз убагында жетиши керек.

Ачылыш аземи аяктагандан кийин көрүүчүлөр автобустан түшүрүлгөн ошол эле пунктка барып, маршруту жана баштапкы дареги көрсөтүлгөн автобуска отуруп, кайра жеткирилет.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X