Кара-Балтада соцтармактагы чыр мушташка айланды

12-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 88

Кара-Балта шаарында жаштардын топтошуп мушташкан видеосу социалдык тармактарга тарап, коомчулуктун көңүлүн бурду. Окуя 7-августтан 8-августка караган түнү Береговая көчөсүндө болгон.Нет описания фото.

Жайыл РИИБге түшкөн маалыматтан кийин окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, 17 жаштан 20 жашка чейинки жаштардын мушташканын аныктаган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында мушташка катышкан 17 жаш жигиттин баары аныкталып, милицияга жеткирилди. Алдын ала маалымат боюнча, жаңжалга эки жаштын социалдык тармактагы пикир келишпестиги себеп болгон.

Милициянын маалыматына ылайык, катышуучуларга профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алардын ичинен 6 балага Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 102-беренеси, дагы 2 балага 126-беренеси боюнча протокол түзүлдү.

12-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 88
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X