«Картада көйгөй болуп жатат». Жакыныңыздын атынан QR-код жөнөткөн шылуундар көбөйдү
Шылуундардын элди алдоо ыкмалары күн сайын өзгөрүп, технология өнүккөн сайын алардын «айла-амалдары» да көбөйүүдө. Эми белгисиз номерден чалып, банк кызматкери катары таанышуу менен гана чектелбестен, адамдын жакындарынын социалдык тармактагы аккаунттарын бузуп кирип, алардын атынан досторунан жана тааныштарынан акча сураган учурлар да кездешет.
Мындай учурда шылуундар аккаунттун ээси менен көп убакыттан бери сүйлөшүп жүргөн адамдарды биринчи кезекте бутага алышат. Жакын адамыңыздын WhatsAppтан сизге өзү жазгандай көрүнөт. Адатта билдирүү да жөнөкөй башталат: «Салам, кандайсың?», «Мага жардамың керек болуп жатат» же «Азыр акча которуп тура аласыңбы? Эки саатта эле кайтарам» деген сыяктуу сөздөр айтылат.
Эң кооптуусу — шылуундар бир эле адамдан бир жолу акча сурап токтоп калбайт. «Картамда көйгөй болуп жатат», «азыр акча керек болуп калды» деп, башка адамдын атына же башка реквизитке байланышкан QR-код жөнөтүшү мүмкүн. Жаран жакын адамы жардам сурап жатат деп ойлоп, акча которот.
Бирок муну менен иш бүтпөйт. Көп өтпөй кайрадан: «Эми сага эле карыз болойун», «дагы бир аз жетпей жатат», «сенден дагы сурагандан уялып жатам, бирок болсо дагы берип турчу» деген сыяктуу билдирүүлөр келе баштайт.
Адам болсо ар бир билдирүүнү чыныгы жакын адамы жазып жатат деп ойлоп, дагы акча которушу мүмкүн. Ошентип, шылуундар бир аккаунт аркылуу бир эле адамдан бир нече жолу акча алууга жетишет.
Алардын эң негизги максаты адамды текшерүүгө мүмкүнчүлүк бербөө
Мындай схемада шылуундар аккаунтту жөн гана бузуп кирбестен, анын ээсин байланышсыз калтырууга аракет кылышат. Башкача айтканда, WhatsApp аккаунтун ээлеп алган соң, чыныгы ээси менен анын жакындарынын ортосундагы байланышты үзүүгө кызыкдар болушат.
Ошондуктан жабырлануучунун телефонуна чалсаңыз, жооп болбой калышы мүмкүн. Башка социалдык тармактардан жазсаңыз да, ал адам кабардар болбойт. Бул убакытты шылуундар пайдаланып, анын атынан мүмкүн болушунча көп адамга кайрылып, акча чогултууга аракет кылышат.
Мындай учурда «биз күн сайын сүйлөшүп турабыз, бул анын өзү» деген ишеним да кооптуу. Себеби шылуун үчүн аккаунттун ээси тууралуу айрым маалыматтарды билип алуу кыйын эмес. Ал эми мурдагы кат алышууларды көрүп калса, адамдын сүйлөө стилин, жакындарынын аттарын, күнүмдүк мамилесин туурап, ишенимдүү көрүнүүгө аракет кылышат.
«Айып пул келди» деген билдирүү да тузак болушу мүмкүн
Алдамчылыктын дагы бир жаңы ыкмасы айдоочуларга байланышкан жасалма билдирүүлөр.
Жаранга «унааңыз катуу ылдамдыкта жүргөн», «жол эрежесин буздуңуз», «сизге айып пул салынды» деген билдирүү жөнөтүлүп, аны төлөө үчүн шилтеме же QR-код берилет.
Шашып калган адам шилтемеге кирип, банк картасынын маалыматын жазса же QR-код аркылуу төлөм жасаса, акчасынан ажырап калышы мүмкүн.
Мындан тышкары, шылуундар банк кызматкеринин, укук коргоо органынын же мамлекеттик мекеменин атын жамынып чалып, «эсебиңизде шектүү операция жүрдү», «картаңыз бөгөттөлөт», «атыңызга насыя алынып жатат» деп коркутушат.
Алардын максаты бирөө — адамды коркутуп же шаштырып, ойлонбой чечим кабыл алдыруу.
Онлайн соодадагы алдамчылык да күчөп жатат
Интернет аркылуу товар сатып алган жарандар да шылуундардын курмандыгына айланып жатышат.
Социалдык тармактарда жасалма дүкөндөр ачылып, кийим-кече, телефон, тиричилик техникасы жана башка товарлар өтө арзан баада сунушталат. Сатып алуучудан алдын ала төлөм талап кылынат. Акча которулгандан кийин сатуучу байланышка чыкпай калат же аккаунтун өчүрүп салат.
Айрым учурда тескерисинче, «товарыңызды сатып алам» деген адам өзү шылуун болуп чыгат. Ал сатуучуга акча которуу үчүн жалган шилтеме же QR-код жөнөтүп, «төлөмдү алуу үчүн картаңыздын маалыматын киргизиңиз» деп ишендирет.
Ошентип, адамдар товар сатууда да, сатып алууда да алдануу коркунучуна туш болушат.
Шектүү билдирүү келсе эмне кылуу керек?
Эгер жакын адамыңыз күтүүсүздөн акча сураса, дароо которууга шашпаңыз. Ага түз телефон чалып, үнүн угуп текшериңиз. Чалууга жооп бербесе, башка номеринен же башка социалдык тармактагы аккаунтынан байланышууга аракет кылыңыз.
Мүмкүн болсо, өзүңүз гана билген суроо берип, чындап эле ошол адам экенин тактаңыз.
Ал эми банк, мамлекеттик орган же башка мекеме атынан келген билдирүүдө шилтеме, QR-код же төлөм талабы болсо, аны расмий булактан текшербей туруп акча которбоңуз.
Эч кимге банк картасынын PIN-кодун, SMS аркылуу келген бир жолку кодду, CVV-кодду жана интернет-банкингдин сырсөзүн бербеңиз.
Эң негизгиси — шылуундар адамдын ишенимин пайдаланат. Бүгүн алар белгисиз номерден чалышы мүмкүн, эртең жакын адамыңыздын аккаунтунан жазышы мүмкүн, ал эми бүрсүгүнү мамлекеттик органдын атын жамынып билдирүү жөнөтүшү мүмкүн.
Ошондуктан «жакын адамым сурады», «расмий билдирүү экен», «банк кызматкери айтты» деген ишенимдин өзү жетишсиз. Акча которуудан мурун бир нече мүнөт убакыт бөлүп, маалыматты кайра текшерүү чоң чыгымдан сактап калышы мүмкүн.
Шылуундар үчүн бир нече мүнөт жаңы курмандык табууга жетиштүү убакыт. Жаран үчүн ошол эле бир нече мүнөт акчасын жана жеке маалыматтарын сактап калууга мүмкүнчүлүк.