Бишкекте курулуштардын темпи күчөтүлөт. мэр бир катар объектилерди текшерди
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев социалдык жана инфраструктуралык бир катар объектилердеги курулуш иштерин текшерди.
Мэр «Ак-Тилек» жана «Кара-Жыгач» конуштарындагы жолдордун, тротуарлардын жана бала бакчанын курулушу менен таанышты. Ошондой эле «Көк-Жар» конушундагы жолдун, №69 мектептеги капиталдык оңдоонун жана жаңы маданий борбордун иштерин карады.
Куланов жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде 6 700 көрүүчүгө ылайыкталган заманбап футбол комплексинин курулушу да текшерилди. Комплексте 9 машыгуу талаасы жана 500 автоунаалык унаа токтотуучу жай болот.
Жыйынтыгында мэр жооптуу кызматтарга курулуш иштеринин сапатына жана темпине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле жаңы жолдорго чектеш аймактарды комплекстүү көрктөндүрүүгө көңүл бурууну белгиледи.