Кара-Балтада абанын булганышы текшерилди. Айрым аймактарда көрсөткүч нормадан ашты
Кара-Балта шаарындагы тургундардын кайрылууларынан кийин атмосфералык абанын сапатына мониторинг жүргүзүлдү. Экологиялык мониторинг департаменти шаардын бир нече көчөсүнөн жана Ново-Николаевка айылынан абанын үлгүлөрүн алып, лабораториялык изилдөө жүргүздү.
Жыйынтыгында азот кош кычкылынын өлчөмү Кара-Балтанын 40 лет Киргизии көчөсүндө нормадан 3,9 эсеге, ал эми Ново-Николаевка айылындагы Москва көчөсүндө 1,9 эсеге жогору экени аныкталды. Калган текшерилген аймактарда көрсөткүчтөр чектүү деңгээлден ашкан эмес.
Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн протоколдор мындан аркы чараларды көрүү үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүлдү.