Бишкектеги мектептер жаңы окуу жылына даярдалууда

13-август, 2026-ж. / Редакция / Билим 128

Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаментинде директор Ж.А. Орозалиевдин жетекчилиги алдында коллегиянын жыйыны өтүп, анда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары жана жаңы 2026–2027-окуу жылына даярдык маселелери талкууланды.

Жыйында билим берүү уюмдарынын даярдыгы, оңдоо иштеринин жүрүшү, мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы, жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу, мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү жана коррупцияга каршы чаралар каралды.Возможно, это изображение учеба и стол

Райондук билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери мектептер менен бала бакчалардын жаңы окуу жылына даярдыгы боюнча маалымат беришти. Көйгөйлүү маселелер аныкталып, аларды чечүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Жыйынтыгында билим берүү уюмдарын өз убагында жана талаптагыдай даярдоо, окуучулар менен тарбиялануучулар үчүн тиешелүү шарттарды камсыз кылуу боюнча жооптуу жетекчилерге милдеттер жүктөлдү.

13-август, 2026-ж. / Редакция / Билим 128
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X