Бишкекте оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди
Бишкек шаарында жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын муниципалдык жолдордо жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди.
Чектөө 2026-жылдын 20-майынан 1-октябрына чейин күн сайын саат 09:00дөн 19:00гө чейин, абанын температурасы +28 градус жана андан жогору болгон учурда күчүндө болот.
Мындай чара жолдордун асфальт-бетон жабуусун сактоо, анын мөөнөтүнөн мурда бузулушуна жол бербөө жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Бишкек мэриясы оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын жана транспорттук компанияларды маршруттарды алдын ала пландап, белгиленген талаптарды сактоого чакырат.
Айдоочуларга каттамдарды мүмкүн болушунча чектөө колдонулбаган убакытка пландаштыруу сунушталат.