Сауытбек Абдрахманов: Айтматов кыргыз элине дүйнөлүк атак-даңк алып келди…

16-август, 2026-ж. / Редакция / Маданият 145

Кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине карата Бишкек шаарында  КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XIX форуму өттү. Форумда белгилүү адабият таануучу,  Казакстан Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, филология илимдеринин доктору Сауытбек Абдрахманов «Чыңгыз Айтматовдун өмүрүндөгү жана чыгармачылыгындагы Казакстан» деген темада баяндама жасап, бир тууган казак эли-жеринин жазуучунун чыгармачылыгына болгон таасири тууралуу кызыктуу ой бөлүшкөн. Гезитибиздин бүгүнкү санына адабият таануучу Сауытбек АБДРАХМАНОВдун баяндамасын казак тилинен кыргыз тилине которуп, кыскартылган вариантын окурмандарга сунуш кылып жатабыз. Анда эмесе назар салыңыздар!

 Бир тууганыңдын жараткан эмгеги

Бала кезимдеги  бир китеп эсимден эч кетпейт. Аты «Тоолор жана талаалар аңгемелери» («Повести гор и степей»). Автору – Чыңгыз Айтматов. Алматыда 1964-жылы жарык көргөн. Мен алтынчы класста окуучу элем. Китептин аннотациясын окуган соң, кандай таң калганымды эстеп турам.

«Ак сеңирлүү Ала-Тоону дүңгүрөткөн Чыңгыздын чыгармалары бүт дүйнөнүн көңүлүн бурду. Кооз ырлар бийикке көтөрүлдү, сулуу жомоктор жерди сыйкырлады. Анын чыгармаларында кооз, назик сүйүү, ак баталуу эненин образы, бекем достук, ынтымак, терең ойлор орун алган. Кайсы чыгарманы окуба, анын жылуу кучагына туш болосуң. Канчалык көп окусаң, ошончолук кызыктуу болуп, аягына кантип жеткениңди байкабай каласың.

Устаттын бул күчү – ал жашоону дыкат карап, анын тереңинен чыныгы берметти, ошондой эле акылдуу сөздү таап чыга билгенинде. Чыңгыздын эпикалык баяндарын бүгүн Чыгышта да, Батышта да окушат. Азап-тозоктон сынгандар алардан сооронуч табышат, кыялына жеткендерди алар кубантышат. Кылдат окуган адам Айтматов –мыктылардын эң  мыктысы, бардык адамдарынын эң боорукери экендигин түшүнөт. Окурмандар авторго көптөгөн ыраазычылыктарын жөнөтүшөт. Мына сый, мына бакыт!

Бул сенин бир тууганыңдын руханий жаратуусу. Анын чыгармачылыгын Ауэзов өзү жогору баалап, ага жылуу сөздөрдү арнаган. Сыймыктануу менен өз элинин эң таланттуу уулу деп атаган. Анын чыгармалары улуу Ауэзовдун чыгармалары менен катар, ар бир казак окуучусунун үйүндө эң сыйлуу орунду ээлеши керек».

Бул сөздөрдө, албетте, адабият асманында жаркыраган жаңы жылдыз – Чыңгыздын  чыгармалары казак жүрөгүнө дагы жакындагандыгы үчүн кубанычтуу угулат. Казак эли Чыңгыз бир тууганына  акыркы күндөрүнө чейин ыраазычылыгын билдирип келет. Казакстан

Айтматовдун жашоосунда жана чыгармачылыгында өзгөчө орунду ээлейт.

Жалпысынан алганда, Айтматовдун феномени маданий кайчылаш жолдо, этностордун өз ара аракеттенүүсүнүн бирдиктүү мейкиндигинде жаралган. Жазуучунун тагдырында көп нерсе казак жери менен байланыштуу.

Анын туулган айылы Шекер казак айылдарына жакын жайгашкан. Сегизинчи классты аяктагандан кийин, ал Жамбыл зооветеринардык техникумуна (азыркы Тараз шаары) тапшырган, ал жерде окуу орус жана казак тилдеринде жүргүзүлгөн. Ошонун аркасында Чыңгыз Төрөкулович кийинчерээк казак адабиятынын чыгармаларын эркин окуй алган.

Буга мен журналист катары жазуучудан үч жолу (1975, 1997, 2004-жылдары) маек алган учурда өзүм да бир нече жолу ынандым.

Манас жана Ауэзов

Чыңгыз Айтматов жаш кезинде, чыгармачылыгынын башталышында эле казак адабиятынын классиги Мухтар Ауэзов менен тыгыз байланышта болгон. Ал Айтматовду биринчилерден болуп колдоп, «Литературная газетага»  калемдеш инисинин чыгармачылыгы тууралуу «Байсалдуу жол!» деген макаласын жарыялаган. Ауэзов өзү, жаш прозаиктин дүйнөлүк деңгээлдеги талантын баалап, Айтматовдун адабиятта таанылышына өбөлгө түзгөн. «Жамийла» повестин француз тилине которууну  Луи Арагонго сунуштаган.

Лениндик сыйлыкты ыйгаруу боюнча комиссиянын жыйынында «Жамийла» повестинин авторун ынтаа менен колдогон Ауэзов болгон. Андан, мындай кичинекей чыгарма үчүн өлкөнүн эң жогорку сыйлыгын кантип берүүгө боло тургандыгы тууралуу сурашканда, ал Эрнест Хемингуэйдин жакында эле «Чал жана деңиз» аттуу ушундай эле көлөмдөгү  чыгармасы үчүн Нобель сыйлыгын алгандыгын айткан.

Айтматовдун алгачкы чыгармаларын казактар биринчилерден болуп өздөрүнүн тилине которушкан. Мисалы, «Жамийла» повести 1959-жылдын 6-июнунан 27-июнуна чейин республикалык жаштар гезити «Лениншіл жас» басылмасында жарыяланган. Аны Москвадагы Адабият институтунан бери

Айтматовдун досу Калжан Нурмаханов которгон. Ал мезгилде, анын туулган жеринде  жаш жазуучуну каарман кыздын күйөөсүн таштап, сүйгөнү менен кетип калганы үчүн  кара ниет адамдар катуу сындап жаткан учур эле…

Айтматов улуу устатына  карыздар болуп калган жок. Жазуучу өмүрүнүн акырына чейин, мекенинен алыс кеткенде, дайыма жүрөгүндө эки ысымды алып жүрөрүн айтчу: Манас жана Ауэзов.

Мухтар Ауэзовдун «Абай жолу» төрт томдук романы тууралуу анын төмөнкү сөзүн келтирели: «Мен казак элинин жалпы адамзаттык баалуулуктар казынасына кошкон түз салымы бар деп эсептейм. Түрк тилдүү, мурдагы көчмөн элдердин салымы деп эсептейм. «Абай» эпопеясы – бул биздин көркөм жана социалдык энциклопедиябыз, бул биздин жалпы мандатыбыз, бул биздин кеңири Евразия мейкиндигинде өткөргөн бардык мезгилдер үчүн, өткөн нечен азаптуу тарыхта башыбыздан өткөргөн нерселердин бардыгы үчүн, өз баалуулуктар системабызды, көркөм жана адептик дүйнөбүздү, көчмөн маданиятыбызды, улуу поэтикалык сөзүбүздү жаратып, түшүнгөн нерселерибиздин бардыгы үчүн жалпы отчетубуз».

Мухтар Ауэзовдун 1916-жылдагы окуялар тууралуу жазган «Кыйын заман» («Лихая година») повестинин кайрадан жарык көрүшү  үчүн биз толугу менен Чыңгыз Айтматовго милдеттүүбүз. Бул повесть 1928-жылы жазылып, көп өтпөй эле цензура тарабынан тыюу салынган. Мухтар Ауэзов Лениндик сыйлыктын лауреаты болгонуна карабай, өз чыгармасын чыгара алган эмес… Бирок,

Чыңгыз  Айтматов басып чыгарган. Ал повесттин орус тилине которулушун уюштуруп, 1972-жылы «Новый мир» журналынын ошол кездеги эң кадыр-барктуу башкы редактору Александр Твардовский менен болгон достугунун аркасында журналга жарыяланышын камсыз кылып, шыктандыруучу баш сөз жазган.

Казактарды даңазалаган

Айтматов кыргыз элине дүйнөлүк атак-даңк алып келди. Бул чындык.

Ошол эле учурда ал казактарды да бүткүл дүйнөгө таанытты. Өткөн кылымда Казакстан жана казак эли Айтматовдун чыгармаларынын аркасында эл аралык деңгээлде көбүрөөк  белгилүү болду. Анын көптөгөн китептеринин каармандары казактар болгон, ал эми башка чыгармаларынын окуялары толугу менен казак жеринде өткөн. Айрыкча  «Кыямат» жана «Бороондуу бекет» романдары. Жазуучу казак материалдарын колдонуп, Байконур космодрому жана Чүй өрөөнү сыяктуу кайталангыс жерлердин эң глобалдык  темаларды изилдеген.

Казакстан Айтматов үчүн түздөн-түз  илхам булагына айланган.

Бул концепт Айтматовдун чыгармачылыгынын айрым мезгилинде үстөмдүк кылган темага айланган. Жазуучу үчүн талаа убакыттын чексиздигинин символуна айланган.

Мындай факт дагы көп нерсени айтып турат: Айтматов академиясы 2003-жылы Лондондо «Чыңгыз Айтматов жана Казакстан» деген темада журналдын атайын санын чыгарган.

Казак бир туугандарына болгон урматтоо мамилеси Айтматовдун бардык чыгармаларына сиңип калган. «Жамийланы» эстеп көрөлү.  «Даниярдын ыры» деп шарттуу атасак боло турган көрүнүш:

«Даниярдын ырын бир аз болсо да кайталай алсам гана!

Анда сөздөр дээрлик жок эле, сөздөрсүз эле адамдын жан-дүйнөсүн терең ачкан.

Буга чейин да, андан кийин да – эч качан мындай ыр уккан эмесмин: ал кыргыз да, казак да күүлөрүнө окшошпойт, бирок анда экөө тең бар эле. Даниярдын музыкасы эки элдин эң мыкты обондорун өзүнө сиңирип, өзүнчө бир кайталангыс ыр кылып токуп чыгарган.

Бул тоолордун жана талаалардын ыры эле, кыргыз тоолорундай жаңырып учуп кетчү, казак талаасындай кең жайылып кетчү.

Угуп, таң калып жаттым: «Демек, Данияр ушундай экен да! Ким ойлоптур!».

Айтматов дал өзү, дүйнөгө казактардын өз жеринде жашап туруп, каза болгон туугандарын ата-бабалары жаткан жерге көмө албай жатканын айткан. «Бороондуу бекет» романынын башкы каарманы Едигей космодромдон улам ата-бабаларынын көрүстөндөрү жок болуп кетпешине, бузулушуна жол бербөө үчүн күрөшөт. Бул чыгармасында жазуучу «Мамлекет – бул адамдардын отуну менен гана күйгөн меш» деген сөзүн айткан…

Чыңгыз Төрөкуловичтин казактын көрүнүктүү жазуучулары – Абдижамил Нурпеисов, Тахауи Ахтанов, Зейнулла Кабдулов, Калжан Нурмаханов, Сейдахмет Бердикулов менен болгон достугу жүрөккө жеткиликтүү. Анын мыкты драматург Калтай Мухамеджанов менен жемиштүү чыгармачыл кызматташтыгы болгон. Алар биргелешип жазган «Көктөбөдөгү жолугушуу» («Фудзиямага чыгуу») пьесасы дүйнөнүн көптөгөн театрларынын сахнасында ийгиликтүү коюлган.

Бүткүл дүйнө окуду

Жалпысынан алганда, ар бир окурман Айтматовго ыраазы. Анын чыгармаларынын аркасында баарыбыз жакшыраак, тазараак, акылдуураак болуп калдык. «Биз баарыбыз» – бул бүткүл адамзат. Айтматовду бүткүл дүйнө окуйт. Бул аша чапкандык эмес.

Жазуучунун 80 жылдыгына карата Рустан Рахманалиев Москвада «Империя Айтматова» деген аталыштагы брошюраны чыгарды. Тиркемелерде

Айтматовдун китептеринин басылышынын таблицалары, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча XX кылымдагы улуу жазуучулардын басылып чыккан китептери көрсөтүлгөн. Бул таблицалар статистиканын жана  кургак сандардын тилин колдонуу менен ачык-айкын нерсени далилдейт: кыргыз жазуучусу биздин планетадагы сөздүн улуу чеберлеринин бири.

2008-жылга карата Айтматовдун китептери 127 өлкөдө 176 тилде басылып чыгып, жалпы 80 миллиондон ашык нусканы түзгөн.  Ал убакка чейин  Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча 47 тилде 328 китеп жана 3740 илимий-популярдуу макалалар  жарык көргөн.

XX кылымдын жазуучуларынын арасында китептер басылып чыккан өлкөлөрдүн саны боюнча Айтматов Лев Толстой менен тең – 127 өлкө. Экинчи орунду Максим Горький (115 өлкө), үчүнчү – Джек Лондон (113 өлкө), төртүнчү – Чехов (108 өлкө) ээлейт. Албетте, бул эң маанилүү көрсөткүч эмес, бирок дагы эле Айтматовдун эбегейсиз популярдуулугун көрсөтүп турат.

Айрыкча СССРде, анын ичинде Казакстанда көп окулган. Казакстанда Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына карата жазуучунун толук чыгармалары биринчи жолу он миң нуска менен жарык көрдү.

Айтматовдун 100 жылдыгына карата Казакстанда Айтматовдун окурмандары дагы көп болот деп ишендирүүгө батындым.

Жакында эле Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев  «Окуу маданиятын өнүктүрүү жана окурман улутун калыптандыруу  боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлыкта адамдык капиталды өнүктүрүү, коомдун интеллектуалдык жана маданий потенциалын чыңдоо, окууну билим берүүнүн, тарбиялоонун жана агартуунун негизги элементи катары окуу маданиятын жайылтуу, китеп окуган улуттун калыптанышы  үчүн шарттарды түзүү жана чыгармачыл, конструктивдүү  жана атаандаштыкка жөндөмдүү инсандарды тарбиялоо, өнүктүрүү сыяктуу максаттар коюлган.

Кыргыз жеринин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун  китептери бул асыл максатка жетүүгө сөзсүз  салым кошот.

 

Которгон Махаббат Молдалиева акын, КРнын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X