Ошто 500 млн сомдук эстакада көпүрөсү Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылат

19-август, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 134

Ош шаарындагы Б. Осмонов, Г. Айтиев жана Көкүм-Бий көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан эки деңгээлдүү эстакадалык көпүрө жакын арада пайдаланууга берилет.

Курулуш министри Нурдан Орунтаев объекттен кабар алып, учурда иштер соңуна чыгып калганын билдирди. Анын айтымында, эстакаданын курулушу 2025-жылы тиешелүү документтерсиз, оозеки келишимдин негизинде башталган. Президенттин тапшырмасы менен объект Курулуш министрлигинин көзөмөлүнө алынып, долбоордук-сметалык документтери даярдалып, курулуш кайра улантылган.

«Учурда курулуш иштери аяктоо алдында. Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз», — деди министр.

Долбоорду министрликке караштуу «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы ишке ашырууда. Объекттин сметалык наркы 500 млн сомго жакын. Эстакаданын узундугу 84 метрди, ага байланышкан жолдун узундугу 334 метрди түзөт.

Учурда көпүрөнү монтаждоо, бетон куюу, таяныч дубалдар менен тосмолорду орнотуу иштери толук бүткөн. Азыр жолго асфальт төшөөгө даярдык жүрүүдө.

19-август, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 134
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X