ШКУ саммити маалында Бишкектиктерге арзандатылган турлар сунушталат

20-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 89

Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учурда бир катар көчөлөрдө жана жол тилкелеринде унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Буга байланыштуу Бишкек мэриясы шаар тургундарына 25-августтан 10-сентябрга чейин өлкө ичинде жана чет мамлекеттерге уюштурулган арзандатылган турлардан пайдаланууну сунуштады.

Мисалы, Nomad Spirit туристтик оператору Сары-Челек, Сон-Көл, Көл-Төр, Ак-Түз, ошондой эле Алматы, Медео жана Шымбулак багыттарына саякаттарды уюштурат. Ошондой эле чатырда түнөө каралган турлар да бар.

Турга брондоо учурунда BISHKEK-VIK промокоду менен 15%га чейин арзандатуу алууга болот.

Брондоо жана кошумча маалымат үчүн: 0702 040 218 (WhatsApp).

Мындан тышкары, шаар тургундары үчүн Pro Travel, Askunai Tour, Fun Travells, Kapriz Travel, PEGAS Trip, Di Travel kg, Kyrgyzworld, Sunrise Travel, Nomad Spirit жана Trekkingunion.kg туристтик компаниялары да ар кандай багыттар боюнча кызмат көрсөтөт.

Байланыштар:

  • Pro Travel: +996 555 691 020, +996 507 030 987 | @protravel.kgz
  • Askunai Tour: +996 507 600 018, +996 708 540 356 | @askunay_tour
  • Fun Travells: +996 502 402 060 | @fun_travells
  • Kapriz Travel: +996 508 100 210 | @kapriz_travel
  • PEGAS Trip: +996 504 160 623 | @pegas_trip
  • Di Travel kg: +996 704 000 029 | @di_travel_kg
  • Kyrgyzworld: +996 557 204 065 | @kyrgyzworld_trip
  • Sunrise Travel: +996 501 010 121 | @sunrise.travel.kg
  • Nomad Spirit: +996 702 040 218 | @nomadspirit.kg
  • Trekkingunion.kg: +996 556 101 933 | @Trekkingunion.kg

Мэрия шаар тургундарын жол кыймылындагы убактылуу чектөөлөрдү эске алып, сапарларын алдын ала пландаштырууга чакырат.

20-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 89
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X