Каныбек Осмоналиев, профессор: ШКУ саммити Кыргызстандын эл аралык аброюн жаңы деңгээлге көтөрөт

20-август, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 72

Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы өлкөгө кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат? Бишкек саммити өлкөнүн эл аралык аброюна кандай таасир берет? Ушул жана башка маселелер тууралуу профессор Каныбек Осмоналиев менен баарлаштык.

Каныбек агай, Шанхай кызматташтык уюмунун масштабын эске алганда, Кыргызстан үчүн бул уюмга төрагалык кылуу жана Бишкекте саммит өткөрүү кандай мааниге ээ?
-Шанхай кызматташтык уюмунун өзгөчө макамы жана тарыхы бар. Ал 2001-жылдын 15-июнунда Кытайдын Шанхай шаарында түзүлгөн. Уюмдун уюштуруучулары – Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Кытай жана Тажикстан. Кийинчерээк Индия, Иран, Беларусь жана Пакистан кошулду. Мындан сырткары, 20дан ашуун өлкө байкоочу жана өнөктөш катары ШКУнун саммиттерине катышып келет. Уюмдун негизги максаты – терроризм, экстремизм жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, соода, инвестиция, энергетика жана транспорт жаатында натыйжалуу кызматташуу, ошондой эле билим берүү, илим, маданият жана жаштар саясаты багыттарындагы интеграциялык байланыштарды күчөтүү.

ШКУнун кубаттуулугу да тынымсыз өсүп бара жатат. Биринчиден, ШКУга мүчө өлкөлөр дүйнө калкынын жарымынан көбүн түзөт. Экинчиден, алардын экономикалык дарамети дүйнөлүк потенциалдын үчтөн бирине жакындап калды. Үчүнчүдөн, бүгүнкү күндө ШКУга мүчө мамлекеттер дүйнөдөгү эң ылдам өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Мындай активдүү жана таасирдүү оюнчуларды бириктирип, борборубуз Бишкекте саммит өткөрүү – биз үчүн чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик. Бул милдет өлкөбүздүн эл аралык аброюн сөзсүз дагы бир баскычка көтөрөт.

– Саммит Кыргызстандын эл аралык аброюн жаңы деңгээлге чыгарууга кандай салым кошот?
– ШКУнун 26-саммити үстүбүздөгү жылдын 31-августунан 1-сентябрына чейин Бишкекте өтөт. Мындай олуттуу эл аралык интеграциялык саммитке даярдыктар кандай активдүү жана натыйжалуу уюштурулуп жатканын көрүп жатабыз. Ушундай дараметке жеткенибизге шүгүрчүлүк дейли. Уюмдун бул жолку саммитинин урааны да өзгөчө: «ШКУга 25 жыл – туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө бирге баралы!»

Демек, саммитти ийгиликтүү өткөрүп алсак, Бишкекте жогорку максаттар коюлуп, аларды ишке ашыруу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат деген пикир калыптанат. Бул – өлкөбүздүн намыс-абийирин көтөргөн маанилүү окуя.

– Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы өлкөнүн дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейттиби?
– Быйылкы 2026-жыл Кыргызстан үчүн дипломатиялык аброй жагынан ийгиликтүү жыл болду десем жаңылышпаймын. Анткени, адегенде эле биз 3-июнда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин эки жылдык мөөнөткө мүчөсү болуп шайландык. Андан соң Чолпон-Ата шаарында «Борбордук Азия + Азербайжан» форматындагы консультациялык кеңешме эл аралык чоң резонанс жана ийгилик менен өттү. Анын жүрүшүндө Кыргызстан өзүнүн экономикалык, маданий жана руханий мүмкүнчүлүктөрүн айкын көрсөтө алды.

Жогорку бааны Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев да Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарларынын жыйынтыгы боюнча билдирүүлөрүндө баса белгилешти. Бул, албетте, биз үчүн зор сыймык. Мына эми ШКУнун кезектеги саммитине төрагалык кылуу милдетин аткарып жатабыз. Мындай интеграциялык иш-чараларды уюштуруу аркылуу Кыргызстандын аброю менен дараметинин деңгээли мурда болуп көрбөгөндөй өсөт. Бир гана биримдик жана ынтымак менен аракеттенүү – баарыбыздын ыйык милдетибиз болууга тийиш.

– Бишкек саммити Кыргызстанды Борбор Азиядагы маанилүү диалог аянтчаларынын бирине айланта алабы?
– Бул жерде 19-августта Жогорку Кеңеште уюштурулган отурумдагы бир орчундуу демилгени баса белгилеп кетишим керек. Анда катышуучулар тарабынан ШКУнун Парламенттер аралык ассамблеясын түзүү маселеси абдан туура көтөрүлдү. Эмне үчүн мындай уюмдун борбору Бишкекте болбошу керек? Бул абдан маанилүү маселе. Ушундай эле демилге менен илим жаатында биргелешкен интеграциялык уюм түзүү маселесин да көтөрүү зарыл эмеспи? Ушундай активдүү позициябыз аркылуу биз, кыргызстандыктар, өлкөбүздү Борбор Азиядагы маанилүү диалог аянтчаларынын бирине айланта алабыз.

– ШКУнун саммити Кыргызстанга эмне берет? Саммиттин Кыргызстанда өтүшү өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө таанытууда кандай жаңы эшиктерди ачат?
– Бул биз үчүн эбегейсиз зор мүмкүнчүлүк болуп эсептелет. ШКУга мүчө мамлекеттер азыр өзгөчө маанилүү маселелерди чечүүгө киришти. Мурда «Эмне кылуу керек?» деген суроо коюлса, азыр конкреттүү көйгөйлөр көтөрүлүп, аларды чечүүдөн кандай пайдалуу натыйжаларды алууга болору актуалдуу болуп жатат. Мисалы, «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолунун курулуш иштеринин эффективдүү башталышын алалы. ШКУга мүчө айрым мамлекеттердин өзгөчө пикирлерин туура түшүндүрүү жана өз ара кеңешүү аркылуу бул маселе боюнча макулдашууга жетишилди го. Мындан Кыргызстан эбегейсиз пайда көрөт. Биз эми дүйнөлүк океандарга чыгууга мүмкүнчүлүк алабыз. Мындай маселелерди чечүүдө саммиттин мааниси чоң.

Ушундай эле жол менен илимди жана билим берүү саясатын да жолго салып кете алабыз. Мен жакында Кытайдын Ланчжоу шаарындагы университеттердин физиктери менен жолугуп, электроника жана наноэлектроника тармактарында биргелешип адистерди даярдоо жана илимий иштерди жүргүзүү боюнча макулдашууга жетишип келдим. Зор келечектүү иштер турат.

Ушундай эле мамилелер Орусиянын Екатеринбург шаарындагы физиктер менен да орнотулууда. Демек, Бишкек саммитинин жыйынтыгы боюнча бардык тармактарда пайдалуу иштерди уюштурууга болот. Ал үчүн, эң оболу, тынчтык болууга тийиш.

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X