Россиялык белгилүү журналисттер Кыргызстанга келди
Россиянын алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Кыргызстанга пресс-тур менен келди. Делегациянын курамында “Первый канал”, “Россия 1”, НТВ, RT, “Известия”, “МИР”, ТАСС, “Россия сегодня”, “Интерфакс”, “Московский комсомолец”, “Комсомольская правда” жана URA.RU сыяктуу ири ЖМКлардын журналисттери бар.
Пресс-турдун негизги максаты — кыргызстандык жана россиялык журналисттердин кесиптик байланыштарын кеңейтүү, өз ара тажрыйба алмашуу жана эки элдин ортосундагы гуманитардык байланыштарды бекемдөө.
Сапардын алкагында россиялык журналисттер Кыргызстандагы алдыңкы ЖМКлардын ишмердүүлүгү жана мамлекеттик маалымат саясатынын заманбап ыкмалары менен таанышат. Мындан тышкары, алар өлкөнүн кооз жаратылышы, тарыхый-маданий жана туристтик жайларын камтыган программага катышат.
Уюштуруучулардын айтымында, мындай пресс-турлар журналисттер арасында узак мөөнөттүү байланыштарды түзүп, өлкөлөр тууралуу объективдүү маалыматтын жайылышына жана эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө шарт түзөт.
Буга чейин Кыргызстан Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Азербайжандын алдыңкы ЖМК өкүлдөрү үчүн да таанышуу сапарларын уюштурган.
Мындай демилгелер Кыргызстан менен башка мамлекеттердин ортосундагы ишенимдүү диалогду жана коомдук дипломатияны бекемдөөгө багытталган.