Бетон сапаты көзөмөлдө. Үч-Коргондогу завод текшерүүдөн өттү
Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында жайгашкан оор бетондон бетон аралашмаларын өндүрүүчү заводдо сертификаттоо иштерин жүргүздү.
Адистер заводдогу өндүрүштүк процессти жеринен текшерип, чыгарылып жаткан продукциянын техникалык талаптарга жана ченемдик документтерге шайкештигин баалашты.
Сапатты аныктоо үчүн лабораториялык сыноолорго бетон кубиктеринин үлгүлөрү да алынды. Эми алардын жыйынтыгы чыгарылып, продукциянын белгиленген талаптарга жооп берер-бербеси аныкталат.
Сертификаттоо — курулуш материалдарынын сапатын көзөмөлдөөнүн маанилүү баскычы. Мындай текшерүүлөр өндүрүштө стандарттардын так сакталышын камсыздап, курулушта сапаттуу жана ишенимдүү материалдарды колдонууга багытталган.