Өндүрүштүк кырсыктан кийин 6,5 млн сом компенсация төлөндү
Башкы прокуратуранын кийлигишүүсү менен өндүрүштүк кырсыктан кийин компенсация ала албай келген жарандын укугу калыбына келтирилди. Натыйжада финансылык мекеме ага 6,5 млн сом компенсация төлөп берди.
Маалыматка караганда, жаран А.С. жубайынын каза болушуна байланыштуу компенсация алуу үчүн Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматына бир нече жолу кайрылган. Бирок тиешелүү чаралар өз убагында көрүлгөн эмес.
Башкы прокуратура жүргүзгөн текшерүүдө мыйзам талаптарынын сакталбаганы аныкталып, прокурордук чара көрүү актысы киргизилген. Анын негизинде II топтогу майыптыгы бар жарандын бузулган укугу калыбына келтирилип, ага 6,5 млн сом төлөндү.
Мындан тышкары, кызматтык милдетин талаптагыдай аткарбаган жооптуу кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылды.