Дамира Ниязалиева: «Ырыс Ордо» — улуттук рухубузду көтөргөн өзгөчө жай болот

29-август, 2026-ж. / Редакция / Күн собол 169

Заманбап архитектурасы менен кыргыздын улуттук жүзүн айкалыштырган «Ырыс-Ордо» ачылган күндөн тартып көпчүлүктүн кызыгуусун жаратууда.

Экс-депутат Дамира Ниязалиева «Ырыс-Ордо» тууралуу өз баасын берди:

— «Ырыс Ордону» көргөндө анын көркү жана улуттук өзгөчөлүгү дароо көңүлүмдү бурду. Бул жерде кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана каада-салты таасирдүү чагылдырылган. Ата-бабаларыбыздан калган бай мурастын даңазаланып жатканына сыймыктандым. «Ырыс Ордо» — улуттук рухубузду көтөргөн, кыргыздын тарыхын жана маданиятын тааныткан өзгөчө жай болот деп ойлойм.

Чынайым Кутманалиева

29-август, 2026-ж. / Редакция / Күн собол 169
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X