Ошто 15 гектар аянтты ээлеген жаңы заманбап эс алуу багы ачылды

29-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 128

Ош шаарындагы Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында 15 гектар аянтты ээлеген жаңы эс алуу багы пайдаланууга берилди.Возможно, это изображение один или несколько человек, осветительное оборудование и толпа

Заманбап паркта гүлдөр отургузулуп, аймак жашылдандырылды. Эстетикалык инсталляциялар жана кечкисин аймакка өзгөчө көрк берген декоративдүү жарыктандыруулар орнотулду. Эми бул жай шаар тургундары жана коноктору үчүн үй-бүлө менен сейилдеп, эс алууга ыңгайлуу жаңы коомдук мейкиндикке айланды.Нет описания фото.

Бактын ачылышына Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар делегациясы жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты.

Марлен Маматалиев шаар инфраструктурасы калктын өсүшүнө жана заманбап талаптарга жараша өнүгүшү керектигин белгилеп, коомдук жайларды көбөйтүү элдин жашоо шартын жакшыртууга багытталарын айтты.Возможно, это изображение цветок и свадьба

Ал эми Жанарбек Акаевдин маалыматына караганда, Президенттин колдоосу менен Ош шаарына 10 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Каражат шаардын инфраструктурасын жаңылоого, Ак-Бууранын жээктерин иретке келтирүүгө, жашылдандырууга жана аймактарды көрктөндүрүүгө жумшалууда.

Жаңы парк — Ошто шаарды көрктөндүрүү жана эл үчүн жайлуу коомдук мейкиндиктерди көбөйтүү багытындагы ири долбоорлордун бири.Нет описания фото.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X