Айбек Джунушалиев: Ар бир объект жана ар бир чыгым текшерилет

8-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 92

Бишкек мэриясында борбор калаада өткөн ири эл аралык иш-чараларга даярдык көрүү жана аларды өткөрүү боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды.

Мэр Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жана муниципалдык ишканалардын аткарган иштерин белгилеп, ШКУ саммитине, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата коюлган негизги милдеттер аткарылганын айтты.

Мындан ары жолдорду жана тротуарларды оңдоо, фасаддарды жаңылоо, жашылдандыруу жана шаарды көрктөндүрүү иштери улантылат.

Ошол эле учурда мэр бюджеттик каражаттардын пайдаланылышын күчөтүлгөн көзөмөлгө алууну тапшырды. Ар бир объект боюнча чыгымдарга аудит жүргүзүлүп, бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышы талданат.

«Ар бир объектти жана ар бир чыгымды текшерүү зарыл. Иштердин наркын негизсиз жогорулатууга жол берилбейт. Бардык иштер мыйзам талаптарына жооп берүүгө тийиш», — деди Джунушалиев.

Мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлөт. Мэрия ошондой эле аткарылган иштердин сапатына, мөөнөтүнө жана каржылык чыгымдардын негиздүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X