Улан Сариев, Жогорку Кеңештин депутаты: Дипломатиялык тажрыйбабыз дагы бир деңгээлге көтөрүлдү
Бул жылы өлкөбүздүн ШКУдагы төрагалыгы эл аралык деңгээлдеги абройлуу уюмдун мааракелик жылына туш келди. Мындай шартта Кыргызстанга кошумча жүк жүктөлүп, өлкөбүздүн төрагалыгы астында 200дөн ашык атайын иш-чара өткөрүлдү. Кыргызстандын төрагалыгы учурунда кадыры бийик уюмдун эл аралык беделин чыңдоо, эл аралык байланыштарын кеңейтүү боюнча көп иштер жасалганын белгилеген ШКУнун баш катчысы Нурлан Ермекбаев кыргыз өлкөсү бул сапар өзүнүн чыгармачылыгы менен айырмаланганын, өлкөдөгү бийик чокуга ШКУнун аты берилип, жалпысынан жаштар менен иштөөгө олуттуу көңүл бурулганын айтты. Биз бул сапар дал ушул дүйнөлүк саясат талкууланган ШКУдагы маанилүү иштердин жыйынтыгы боюнча коомчулуктун пикирин билүүгө далалат кылып, Кыргызстан ШКУдагы төрагалык милдетти кандай жыйынтыктай алды деген суроо менен кайрылдык.
— Бул сапар Кыргызстан ШКУдагы төрагалык милдетин жөн гана ийгиликтүү аткарбастан, аны өлкөбүздүн тарыхындагы маанилүү дипломатиялык мүмкүнчүлүк катары пайдалана алды. Эске салсак, ШКУнун тарыхы 1996-жылы “Шанхай бештигинен” башталган. Кыргызстан ошол процесстин башатында турган мамлекеттердин бири. Арадан отуз жылга жакын убакыт өтүп, ШКУ эл аралык мамилелердеги маанилүү, көп тараптуу аянтчалардын бирине айланды. Демек, Кыргызстан үчүн төрагалык кылуу – бул жөн гана кезектеги милдет эмес, тарыхый процесстин уландысы. Төрагалык учурунда Кыргызстан өзүнө маанилүү болгон маселелерди уюмдун күн тартибине чыгара алды. Айрыкча, коопсуздук, экономикалык кызматташтык, транспорттук байланыштар, энергетика жана гуманитардык багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Кыргызстан төрагалыкты конкреттүү демилгелерди сунуштап, мамлекеттер ортосундагы диалогду бекемдөө үчүн пайдалана алды. Өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбызды да эске алуу менен аймактык жана эл аралык деңгээлдеги маанилүү маселелер боюнча позициябызды ачык билдирдик. Ошондуктан, ШКУдагы төрагалыктын жыйынтыгын өткөрүлгөн иш-чаралар менен гана эмес, Кыргызстанды кызыктырган маселелердин эл аралык күн тартибинде канчалык деңгээлде көтөрүлгөнү менен баалоо керек. Бул жагынан алганда, төрагалык өлкөбүздүн дипломатиялык тажрыйбасын дагы бир деңгээлге көтөргөн маанилүү этап болду деп эсептейм.
Калыгул Бейшекеев