Куткаруучу-суучул Аскарбек Казыбеков «Эрдик» ордени менен каза болгондон кийин сыйланды
Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдарда адам өмүрүн сактап, кызматтык милдетин аткарууда эрдик көрсөткөн куткаруучулар «Эрдик» ордени менен сыйланды.
Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам кезмет кызматынын башчысы, подполковник Бусурманкулов Максатбек Турусбекович бар.
Ошондой эле «Эрдик» ордени каза болгондон кийин Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматы) терең суудагы куткаруучу-суучулдар бекетинин башчысы, лейтенант Казыбеков Аскарбек Акылбековичке ыйгарылды.
Бул сыйлык — өзгөчө кырдаалдарда адам өмүрү үчүн тобокелге барып, кесиптик милдетин ак ниет аткарган куткаруучулардын эрдигине берилген жогорку баа.