Майрамбек Таалайбеков коомдук коопсуздук боюнча Глобалдык форумга катышты
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Майрамбек Таалайбеков Кытай Эл Республикасынын Ляньюньган шаарында өткөн коомдук коопсуздук жаатындагы кызматташтык боюнча Глобалдык форумдун ишине катышты.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамына Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчилери кирди.
Глобалдык форумдун алкагында Майрамбек Таалайбеков Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин орун басары Ци Яньцзюнь менен жолугушуп, тараптар глобалдык жана аймактык коопсуздукка учурда болуп жаткан чакырыктарды жана коркунучтарды талкуулап, алардын алдын алуу боюнча алдынкы тажрыйбалар тууралуу пикир алмашышты.
Майрамбек Таалайбеков ошондой эле үстүбүздөгү жылы Бишкек шаарында ШКУнун алкагында Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борбору өз ишин баштай турганын белгиледи.
Муну менен катар санариптик технологиялар жана маалымат жаатындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.