Президенттик шайлоону дайындоо боюнча токтом комитетте жактырылды

22-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 116

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө токтом долбоорун жактырды.

Токтом долбоору Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында каралды.Возможно, это изображение текст

Жыйында комитеттин төрайымы Гульнара Акимбаева баяндама жасап, Президенттик шайлоо Жогорку Кеңештин токтому менен дайындаларын белгиледи.

Анын айтымында, Конституцияга ылайык, кезектеги президенттик шайлоо иштеп жаткан мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт.Возможно, это изображение один или несколько человек, отдел новостей и текст

Талкуунун жыйынтыгында комитет токтом долбоорун жактырып, аны Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.

22-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 116
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X