Кепилдик фондуна 10 жыл

29-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 97

Ишкерликти баштоодо же аны кеңейтүүдө эң чоң тоскоолдуктардын бири – каржы маселеси. Айрыкча жакшы бизнес долбоору бар, бирок банк талап кылган көлөмдө күрөө коюуга мүмкүнчүлүгү жетишсиз ишкерлер үчүн насыя алуу оңой эмес. Мына ушундай учурда кепилдик механизми маанилүү роль ойнойт. Ишкердин мүмкүнчүлүгү менен банктын талабынын ортосунда көпүрө болуп, каржылоого жол ачып келе жаткан «Кепилдик фонду» ачык акционердик коому быйыл 10 жылдык мааракесин белгиледи.

Ишкерге эң керектүү колдоо
Кепилдик фондунун ишин жөнөкөй тил менен түшүндүрсөк, фонд ишкерге банкка насыя алуу үчүн жетишпей жаткан күрөөнүн ордун толтурууга жардам берет. Башкача айтканда, ишкердин бизнес-долбоору бар, насыяны кайтарууга мүмкүнчүлүгү жетиштүү, бирок күрөөсү жетишсиз болсо, белгиленген шарттарга ылайык фонд кепилдик бере алат.

Мындай механизм бир жагынан ишкердин каржылоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтсе, экинчи жагынан банк менен ишкердин ортосундагы тобокелдикти бөлүшүүгө шарт түзөт. Мыйзамга ылайык, кепилдик фондунун жоопкерчилиги негизги каржылоонун 50 пайызынан ашпоого тийиш.

Он жылдагы чоң жол
«Кепилдик фонду» АККсы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июнундагы №288-р тескемесинин негизинде түзүлгөн. Фонддун алгачкы уставдык капиталы 72 млн сомду түзгөн. Кийинчерээк фонддун капиталы бир нече жолу көбөйтүлүп, бүгүнкү күндө уставдык капиталы 6 млрд 632 млн сомго жетти.
Он жылдын ичинде фонд өзүнүн иш багыттарын да кеңейтти. Бүгүн кепилдиктер чакан жана орто бизнес менен гана чектелбестен, ислам каржылоосу, лизинг, аялдардын ишкердиги, ири бизнес, жаш ишкерлер, жашыл долбоорлор жана башка багыттарды камтыйт. Ошондой эле ипотекалык багытта да кепилдик берүү механизмдери ишке киргизилген.

Сандар сүйлөгөндө
Фонддун он жылдык ишинин масштабы статистикадан даана көрүнөт. 2026-жылдын көрсөткүчтөрүнө ылайык, ушул убакка чейин 22 миң 259 кепилдик берилген. Алардын жалпы суммасы 21,43 млрд сомду, ал кепилдиктердин жардамы менен тартылган кредиттердин көлөмү 65,91 млрд сомду түзгөн. Фонддун ишмердиги Кыргызстандын жети облусун камтыйт.

«Ылдам»портфелдик кепилдиги
Мисалы, «Ылдам» портфелдик кепилдиги ишкерлердин каржылоого жетүүсүн жеңилдетүүгө багытталган. Бүгүнкү күндө бул продукт аркылуу 540 кепилдик берилип, алардын жалпы суммасы 346 млн сомду түзгөн. Натыйжада ишкерлер болжол менен 1,6 млрд сом кредиттик каражат тарта алышкан.

Ал эми «Келечек» программасы баштапкы төлөмү жетишсиз жарандарга ипотекалык насыя алууга мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган. «Унаа» продуктусу болсо автоунааны насыяга алууда кепилдик механизмин сунуштайт.
Мындан тышкары, жашыл долбоорлорду каржылоого багытталган кепилдиктер да киргизилүүдө. Фонддун продуктуларынын арасында айыл чарба, кайра иштетүү, өндүрүш, туризм сыяктуу экономиканын маанилүү тармактарын камтыган багыттар бар.

Өнөктөштүк – өнүгүүнүн багыты
Кепилдик фондунун ишмердигинин маанилүү жагы – колдоо борбор калаадагы гана бизнес менен чектелбейт. Фонддун Бишкектен тышкары Талас, Каракол, Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларында филиалдары бар.
Фонд ишкерлер менен гана эмес, банктар, финансы-кредиттик уюмдар жана эл аралык өнөктөштөр менен да тыгыз кызматташат. Учурда фонддун 25 банк-өнөктөшү жана төрт эл аралык өнөктөшү бар.

Эл аралык кызматташтык да акыркы жылдары кеңейүүдө. Фонддун маалыматына караганда, эл аралык өнөктөштүк алкагында жалпы көлөмү болжол менен 90 млн долларды түзгөн чет өлкөлүк инвестициялар тартылган. Ошондой эле Дүйнөлүк банк менен жашыл кепилдиктер багытында 59 млн долларлык долбоор боюнча кызматташуу каралган.

Кенже Осмоналиева

29-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 97
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X