Кезек көп, реабилитация жетишсиз. ДЦП менен жабыркаган балдардын ата-энелери депутатка кайрылды

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 87

Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова «Верю в чудо» коомдук фондунун өкүлдөрү жана балдардын церебралдык шал оорусу (ДЦП) менен жабыркаган балдардын ата-энелери менен жолугушту.

Жолугушууда өзгөчө камкордукка муктаж балдарды реабилитациялоо жана социалдык жактан колдоо маселелери талкууланды.

Ата-энелер акысыз реабилитациялык кызматтардын жетишсиздиги жана мамлекеттик борборлордогу кезектин көптүгү негизги көйгөйлөрдүн бири экенин белгилешти. Айрым үй-бүлөлөр адистештирилген жардам алуу үчүн Бишкекке барууга аргасыз болуп жатканын айтышты.

Ошондой эле ДЦПнын оор формасы менен жабыркаган, өз алдынча баса албаган балдар үчүн реабилитациялык орундарды көбөйтүү, борборлорду заманбап жабдуулар жана адистер менен камсыздоо зарылдыгы көтөрүлдү.Возможно, это изображение один или несколько человек

Катышуучулар коляска, вертикализатор, баскыч жана ортез сыяктуу техникалык каражаттарды берүүдө баланын жашы, ден соолугунун абалы жана жеке муктаждыктары эске алынышы керектигин белгилешти.

Мындан тышкары, пандустарды жөн гана орнотуп коюу жетишсиз экени айтылып, алардын коопсуздук талаптарына жооп беришин жана колдонууга ыңгайлуу болушун көзөмөлдөө сунушталды.

Жолугушууда 18 жашка толгон майыптыгы бар адамдарды андан ары коштоо маселеси да талкууланды. Атап айтканда, жеке ассистент кызматы, реабилитацияны улантуу, социалдык өнүгүүгө жана коомго аралашууга шарт түзүү боюнча сунуштар айтылды.

Ата-энелер дары-дармек, кам көрүү каражаттары, атайын тамак-аш, транспорт жана үзгүлтүксүз реабилитацияга кеткен чыгымдар үй-бүлөлөргө олуттуу жүк болуп жатканын да белгилешти.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Жыйынтыгында депутат көтөрүлгөн маселелерди терең изилдеп, мамлекеттик органдар жана ата-энелер коомчулугу менен биргеликте практикалык чечимдерди иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.

Нилуфар Алимжанова ДЦП менен жабыркаган балдар жашаган жерине жана үй-бүлөнүн каржылык мүмкүнчүлүгүнө карабастан зарыл болгон жардамды үзгүлтүксүз ала алышы керектигин белгиледи.

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 87
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X