Улан Маматканов Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун жамааты менен жолугушту

Бүгүн, 30-сентябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун (ЖХОТИИИ) жамааты менен жолугушту.

МинКаб Төрагасынын орун басары медициналык мекемеге барып, аяктоо алдында турган оңдоо иштеринин жүрүшү менен, анын ичинде компьютердик томографты жана ангиографиялык жабдууларды орнотуу пландаштырылып жаткан жайлар менен таанышты. Ал аталган иштердин аяктоосунун жана жабдууларды орнотуу үчүн жайды даярдоонун создуктуруп жаткандыгына карата сын айтты.

Андан ары Улан Маматканов Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жана ЖИЖЖОИИИнин жетекчилиги менен биргеликте мекеменин жамааты менен суроо-жооп форматында жолугушуу өткөрдү. Ведомствонун кызматкерлери өздөрүнүн сунуштарын айтып, өздөрүн кызыктырган суроолорду беришти. Жолугушуунун жүрүшүндө медициналык мекеменин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, иштөө шарттары жана медициналык жардамды уюштуруу талкууланды.

МинКаб Төрагасынын орун басары Улан Маматканов ЖХОТИИИнин жетекчилигин башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл албагандыгы, айрым маселелерди кароону создуктургандыгы жана тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөөнүн начардыгы үчүн сынга алды.

«Чечимдерди ыкчам кабыл алууну, жетекчилердин жеке жоопкерчилигин жана коюлган милдеттердин аткарылышын туруктуу көзөмөлдөөнү камсыз кылуу зарыл. Медициналык мекеменин натыйжалуу ишмердүүлүгүн камсыз кылуу, медициналык адистердин иштеши үчүн тиешелүү шарттарды түзүү жана бейтаптарга сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу керек», – деп баса белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.

Жолугушуунун жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары белгиленген маселелерди чечүү жана медициналык мекеменин мындан аркы натыйжалуу ишин камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана ЖХОТИИИнин жетекчилигине бир катар тапшырмаларды берди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X