Мирланбек Примкулов, Н. Исанов атындагы айыл өкмөттүн башчысы: “Ырааттуу ишибиздин арты менен дотациядан чыктык…”
Бүгүнкү маектешим Мирланбек Исламбековичке байланышкан бир жөнөкөй чындык бар. Ал Ноокат районундагы эң ири Н.Исанов айыл өкмөтүн жетектегени ишинде жалаң жылыштар болуп, жыл айланбай аталган айыл өкмөт дотациядан чыккан. Иштин көзүн билген, тартип менен тазалыкты биринчи орунга койгон мындай жетекчи бүгүн жергиликтүү элдин, район башчынын алкоосуна татып турган чагы. Чыныгы жигит үчүн элдин берген баасынан өткөн олжо жоктур. Биз бүгүн көпчүлүктүн көңүлүнөн түнөк тапкан жетекчини таап, баарлашууга үлгүрдүк.
— Мирлан Исламбекович, үстүбүздөгү жылы сиз жетекчилик кылган аймакта ишке ашкан изги иштерди тизмектей аласызбы? Дегеним, “ооз толтуруп” мактанып айта турчу иштериңиздер барбы?
— Соңку жылдары биздин Н.Исанов айыл аймагында эң оболу ирригация маселесине өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Тагыраагы, Күнгөй-Кожоке айылында тээ союздан “мурас болуп калган” 3 скважинаны оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, колдонууга бердик. Буга удаа айыл аймактагы Чеч-Дөбө айылына ирригациялык атайын латокторду койдук. Үстүбүздөгү жылы өлкө аймагында ачылган 100 социалдык имараттардын ичинде Жаңы-Базар айылына 40 койкалуу, жалпы сметалык баасы 143 миллион сомду чамалаган Көк-Бел ооруканасы курулду. Оорукананын курулушу биздин айыл аймактын жашоочулары үчүн аябагандай зор мааниге ээ десек болот. Буга удаа биздин айыл аймакта жакында өткөн эгемендүүлүктүн 35 жылдык майрамынын урматына Кожоке айылында 120 орундуу бала бакча урматтуу Президентибиздин онлайн катышуусунда ачылды. Мындай изги иштер биздин айыл аймакта жогорудагы көрсөткүчтөр менен эле токтоп калган жок. Араптар менен биргеликте айыл аймактагы Күнгөй-Кожоке айылына заманбап тейдеги ФАП курдук. Айыл аймактын карамагына тиешелүү 8 чакырым жолубузга асфальт төшөлдү. Жаңы-Базар айылыбызга дем берүүчү гранттын эсебинен 350 метр чакырымдагы жолубузга асфальт төшөөгө жетиштик. Райондук өнүктүрүү фонду тарабынан Жар-Коргон айылында 350 метр жолго асфальт төшөлүп, ушул эле айылга өткөн жылдын соңунда жеке ишкер менен сүйлөшүүлөрүбүз ийгилик берип, анын каржылоосу менен 120 орундуу бала бакчаны куруп, пайдаланууга бердик. Мындай иштерди тизмектей берсек дагы бар. Азырынча ушул жерден токтото турайын.
— Айыл өкмөт дотациядан чыгыптыр. Мындай ийгилик кандай эмгектин арты менен жүзөгө ашты деп ойлойсуз?
— Албетте, мен аталган айыл өкмөттүн “эки тизгин, бир чылбырын” колго алгандан кийин толук 1 жылдан соң, тагыраагы, 2024-жылы айыл өкмөтүбүз дотациядан чыкты. Биздин айыл аймактын карамагында Кудай Таалам берген көмүр кендерибиз бар. Элибиз үчүн “кара алтын” болгон көмүр кендерди алгылыктуу иштеткенибиздин натыйжасында жана салык саясатын ырааттуу, туура жүргүзгөн иш-аракеттерибиздин аркасы менен айыл өкмөтүбүз Борбордон каржылык колдоо албай турган деңгээлге жеттик. Албетте, мунун бары жеке менин гана эмгегим эмес. Айыл аймагыбыздын эртеңки тагдырына кайдыгер карабаган жалпы командабыздын, айылдык кеңештин депутаттарынын жана жергиликтүү элибиздин эмгеги менен жүзөгө ашууда.
— Ноокат районундагы сиз жетектеген айыл өкмөт өлкөдөгү жаратылышы кооз, көз таңкалтырган ажайып жерлери менен туристтерди тартууда ыңгайлуу жай экендиги талашсыз. Тыштан келген меймандардын агымын көбөйтүү, аларды жылдын 4 мезгил бою тартууга жетекчи катары кандай аракеттерди көрүп жатасыз?
— Туризм тармагын соңку убакта ырааттуу жолго салып, жакшы өнүктүрүп келе жатабыз. Бул жагын тартынбастан, “төш кагып” айта алам. Дегеле туризм тармагы жеке эле биз жакта эмес, өлкөбүздүн бардык аймактарында текши өнүгүп жатат десем болот. Аймактагы Күңгөй-Кожоке айылындагы Арчан-Базар баштаган бир катар жаратылышы кооз, көргөн жандын көз жоосун алган эс алуу жайларыбызды ишкерлерге берип, алар андагы жерлерибизге чет өлкөлөрдөн атайын жеңил курулмага ээ туристтик үйлөрдү алып келишип, алыс-жакындан келишкен меймандардын эс алуусу үчүн заманбап, эң мыкты шарттарды түзүп беришти. Азыр алыстан келген меймандар жайкысын гана эмес, сиз атагандай жылдын 4 мезгили бою тынбай катташууда. Биздин аймакка келген эс алуучуларды кыргыз боз үйлөрү, улуттук каада-салттын ыргагында уюштурулган атайын буюм-тайымдардын дүйнөсү өзүнө тартууда.
— Сиз жетектеген айыл өкмөттүн карамагында райондук, облустук, арылатканда борбордук бийликтин амири менен чечиле турган көйгөйлөр барбы?
— Таптакыр эле көйгөйлөр жок деп оозду “куу чөп” менен арчый албайм. Борбордук бийликтин амири, колдоосу менен чечиле турган маселелерге социалдык имараттарды атасак болот. Алар деле соңку жылдары этап-этабы менен чечилип келе жатат. Мамлекетибиздин экономикасы өсүп, өнүгүүгө карай бет алдык. Алдыда бул маселелердин бардыгы чечилерине көзүм жетет. Болгону убакыт жана сабырдуулук, ал эми өлкөбүзгө стабилдүүлүк гана керек.
— Сугат суусу менен ичүүчү таза суу көйгөйү жолго коюлганбы? Айылдагы жаштардын турак жайга болгон муктаждыгы сиз жетекчилик кылган аймакта дагы курч бойдон турабы?
— Сугат суу маселеси биздин айыл аймакта жолго коюлган. Азырынча сугат суудан эч кандай көйгөй жок, келечекте дагы болбой эле койсун. Сөзүмдүн башында айттым го, тээ союздан “мурас болуп калган”, саатына 40 тонна суу чыгара турган 3 скважинаны оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, колдонууга бергенибизди… Буга удаа саатына 150 тонна суу чыгара турган насостук станцияны (альтернативдүү вариантта) ирригациялык багытта атайын дыйкандар үчүн пайдаланууга киргиздик. Булардан тышкары сугат үчүн арык-каналдарыбыздагы суулар дагы жетиштүү. Ал эми жергиликтүү элибиз үчүн ичүүчү таза суу маселеси бизде 90%га чечилген. Бул маселеде көйгөйүбүз жок.
Калыгул Бейшекеев