Баткенде 100 жаштан ашкан 16 карыдан кабар алышты
1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата Баткен облусунда 100 жаштан ашкан карыяларга өзгөчө көңүл бурулуп, алардын үйлөрүнө барышты.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Камчыбек Досматов, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов жана анын орун басары Максатай Каримбердиева аймактардагы узак өмүр сүрүп жаткан карыялардан кабар алышты.
Алар карыялардын ден соолугун, жашоо-шартын сурап, ак батасын алышты. Ошондой эле ардактуу аксакалдарга чың ден соолук, узун өмүр жана үй-бүлөлүк бакубатчылык каалап, терең урмат-сыйын билдиришти.
Учурда Баткен облусунда 100 жаштан ашкан 16 карыя жашайт.