Баткенде окуучулар арасында кырсыктардын алдын алуу боюнча сынак өттү

2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 127

Баткен районунда 5-октябрь — Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата мектеп окуучулары арасында кырсыктардын алдын алуу жана коопсуздук эрежелерин сактоого үндөгөн видеороликтер сынагы өткөрүлдү.

Сынак райондук жарандык коргонуу кызматтарынан түзүлгөн комиссия тарабынан бааланып, жеңүүчүлөр аныкталды. Жыйынтыгында 1-орунду Жаңы-Жер орто мектеби, 2-орунду Б. Нарматов атындагы орто мектеп, 3-орунду Токтогул атындагы орто мектеп ээледи.Нет описания фото.

Жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана кубоктор тапшырылды.

Иш-чарага Баткен районунун акими Данир Иманалиев катышып, окуучуларды жеңиши менен куттуктады. Ал жаштардын коопсуздук эрежелерин билиши жана өзгөчө кырдаалдарда туура аракеттенүү көндүмдөрүн күнүмдүк жашоодо колдонушу маанилүү экенин белгиледи.

Мындан тышкары, райондогу мектептерде «Ачык эшик» күндөрү уюштурулуп, окуучуларга өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, өрт коопсуздугу, жер титирөө жана башка кырсыктар учурундагы туура аракеттер боюнча маалыматтар берилди.

2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 127
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X