Ош шаарында шаар күнүнө карата чоң масштабдагы майрамдык концерт болду. Стадионго 30 миңден ашуун шаар тургуну чогулуп, ыр-күүгө бөлөнгөн шаңдуу кечени көрүштү.
Майрамдык концертте белгилүү чыгармачыл топтор жана ырчылар өнөрүн тартуулап, Ош шаарынын тургундарынын өзгөчө маанайын көтөрүштү.