Бишкекте курулуштагы кырсыктан кийин компанияга 200 миң сом айып салынды

7-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 119

Бишкекте 16 кабаттуу үйдүн курулушунда асма платформа үзүлүп, бир жумушчу жабыркады.

Окуя бүгүн, 7-октябрда, Юнусалиев көчөсү, 16 дарегиндеги курулуш аянтчасында болгон. Маалыматка ылайык, люлькага ашыкча жүк жүктөлүп, конструкцияга күч келген. Натыйжада платформа 6-кабаттан үзүлүп, жумушчу кулап кеткен.

Жабыркаган адам тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилип, учурда абалы туруктуу экени айтылды.

Окуядан кийин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан жеринде ыкчам текшерүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзгөн «Борсан Констракш» ЖЧКсына 200 миң сом айып салынып, коопсуздук талаптарын сактоо боюнча көрсөтмө берилди.

Мындан тышкары, объекттеги курулуш иштери убактылуу токтотулду.

7-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 119
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X