Алдамчылык үчүн жоопкерчиликтен качып жүргөн жаран Кыргызстанга жеткирилди

13-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 129
Ички иштер министрлиги массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатат. Бул иштин алкагында чет өлкөдө жүргөн К.С. аттуу жаран кармалып, Кыргызстанга жеткирилди.

ИИМдин маалыматына караганда, К.С. буга чейин биргелешкен ишкердикти жүргүзүү шылтоосу менен жаран М.Н.ны алдап, андан 150 миң АКШ долларын алган деп шектелүүдө. Бул факты боюнча ага издөө жарыяланган.

Кийинчерээк чет өлкөдө жүргөн К.С. интернет-ресурстарга чагымчыл мүнөздөгү материалдарды жарыялап, митингдерди өткөрүүгө, массалык башаламандык уюштурууга жана андан соң бийликти басып алууга чакырыктарды жасай баштаганы аныкталган.

Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси жана 278-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери менен иш козгогон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кармалган жаран Кыргызстанга жеткирилип, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

13-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 129
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X