Улан Маматканов Азия оюндарынын жыйынтыгы жана Олимпиадага даярдык боюнча кеңешме өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Японияда өткөн ХХ Азия оюндарынын жыйынтыгын чыгаруу жана 2028-жылы АКШнын Лос-Анджелес шаарында өтө турган XXXIV жайкы Олимпиада жана XVIII жайкы Паралимпиада оюндарына даярдык көрүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө Кыргызстан курама командасынын Азия оюндарындагы көрсөткүчтөрүн жыйынтыгы талдалып, келечектүү жаш спортчуларды даярдоо системасын өркүндөтүү маселелери каралды.
Спортчуларды тандоо, аларды даярдоо жана 2028-жылкы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына пландаштырылган лицензиялардын санын алуу максатында квалификациялык мелдештерге катышуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Дене тарбия жана спорт агенттигине Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына даярдык көрүүнүн комплекстүү планын иштеп чыгуу, аталган оюндарга даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү, ошондой эле спортчуларды мамлекеттик колдоо системасын өркүндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгуу тапшырылды.